Доллар сомго карата 8,33% арзандады
![Доллар сомго карата 8,33% арзандады](https://gdb.rferl.org/E2BE4AA4-4C9E-486B-87F2-77F7A715B1DD_cx0_cy15_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда доллар бир күндө сегиз пайыздан ашуун көрсөткүчкө арзандады. Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 9-апрелде бир доллар 84,87 сом болсо, 10-мартта 77,80 сом болду.
Ошентип, доллар сомго карата 8,33% арзандады.
Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар март айында кымбаттай баштаган. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жетип, кайра арзандай баштады.
Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттерде каржы рыногунда болуп жаткан олку-солкулукка байланыштырган. (RK)