ИИМ: 10-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 50 киши бузду
![ИИМ: 10-апрелге карата коменданттык сааттын талаптарын 50 киши бузду](https://gdb.rferl.org/885DC9CB-9F3C-4D5C-9C3E-8740752D470A_cx0_cy8_cw0_w800_h450.jpg)
Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 37, Ош шаарында - 2, Жалал-Абад шаарында - 4, Сузак районунда – 3, Кара Суу районунда -3, Ноокат районунда - 1 киши кармалган. 7 машине айып токтотмосуна коюлду.
Жалпысынан алганда 25-марттан бери 2242 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кармалган. Алардын бардыгына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.
Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Бул аймактарда саат 20:00-7:00 аралыгында көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.
Ички иштер министрлиги өлкөнүн, жеке жана жакын адамдардын коопсуздугу үчүн жарандар карантиндин шарттарын кынтыксыз так жана туура сактоого жана коменданттык сааттын талаптарын бузбоого милдеттүү экенин эскерткен.
Мындан тышкары жарандарды социалдык тармактар жана Интернет
аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырган. (ZKo)