Нарында кар көчкү түшкөн автожол тазаланууда
![Нарында кар көчкү түшкөн автожол тазаланууда](https://gdb.rferl.org/2997AAA0-E27D-4A2F-B487-982A0AE94698_cx33_cy14_cw60_w800_h450.jpg)
Нарында кар көчкү баскан автожолду тазалоо иштери уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-апрелге караган түнү Нарын - Өрүк-Там жолунун 65-чакырымында көлөмү 20 000 м3 кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Эч ким жабыркаган жок.
Бул жол райондун акиминин буйругу менен 2019-жылдын 25-ноябрынан тартып убактылуу жабылган.
Тазалоо иштерине бир жүктөгүч жана үч кызматкер тартылды.