Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо эрте башталды
Түштүк Кореяда 15-апрелге белгиленген парламенттик шайлоого добуш берүү башталды. Өкмөт шайлоо күнү элдин көп топтолушуна жол бербеш үчүн эрте добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.
Коронавируска байланыштуу добушканалар катуу тартипте иштеп жатышат. Алгач беткапчан шайлоочулардын дене табы текшерилет. Андан соң добуш берүүчү колун дезинфекциялап, резина кол кап кийиши керек.
«COVID-19дун айынан бетимди эки кабат жаптым. Анан алдын-ала добуш бериш үчүн мында келдим. Баарыбыз коронавирустан кутулуш үчүн күрөшүүдөбүз. Ошон үчүн өкмөт эле эмес, эл өзү да жоопкерчилик алып, жеке гигиенаны сактоону күчөтөт деп үмүттөнөм», - деди адегенде беткап кийип, анан жүзүн пластик айнеги менен калкалап алган Ан Ин Чол аттуу Сеулдун тургуну.
Коронавирустан дарыланып жаткан 3 миңден ашуун адам үчүн да Сеул жана Тэгу шаарларында өзүнчө сегиз добушкана ачылды.
Февраль айында Түштүк Корея Кытайдан кийинки эле коронавирус кеңири тараган мамлекеттердин катарында турган. Бирок өлкө социалдык обочолонуу жана элди жапырт тесттен өткөрүү аркылуу илдеттин жайылышын басаңдата алды. Жума күнү илдет адеп катталган Тэгу шаарында 27 адамдан гана коронавирус табылды.
Адистер Түштүк Кореянын вируска каршы ийгиликтүү күрөшү президент Мун Чжэ Индин Демократиялык партиясынын шайлоодогу ийгилигине жол ачышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Соңку сурамжылоолорго ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери президенттин партиясынын рейтинги 15% көтөрүлдү.