Германияда террорчулук үчүн шектүү тажик жарандары кармалды
Германияда «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун мүчөлөрү деген шек менен Тажикстандын төрт жараны камалды. Полиция алар 15-апрелде таң эрте Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын ар кайсы жерлеринен колго түшкөнүн, алар Германиядагы АКШнын аскердик жайларына кол салууну көздөп жүргөнүн маалымдады.
Федералдык прокурорлор тараткан маалыматта кылмышка шектүүлөр Азизжон Б., Мухаммадали Г., Фарходжон К. жана Сунатулло К. аттуу адамдар экени айтылат, бирок алардын сүрөттөрү жарыяланган жок.
Прокурорлордун айтымында, алар алгач өз мекенинде кол салуу уюштурууну көздөшкөн, кийинчерээк ойлорун өзгөртүп, Германиядагы АКШнын аскердик жайларын жана ислам динин сындаган деген бир адамды бутага ала башташкан. Алар Сириядагы жана Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террорчул уюмунун жогорку даражалуу эки өкүлү менен такай байланышып жүрүшкөн.
Тажикстан Германияда камакка алынган жарандарына байланыштуу азырынча комментарий бере элек.