Курч акын катарыбыздан кетти
![Курч акын катарыбыздан кетти](https://gdb.rferl.org/30d4418e-dd3c-4bf9-8eee-2d261b3d9f96_tv_w800_h450.jpg)
Кыргыз коомчулугу 42 жашында көз жумган комузчу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду. Акындын тууган-уругу, чыгармачылыктагы достору анын уюган талантын, ташка тамга баскандай сөздөрүн эскеришти. Ошондой эле курчтугу, акыйкаттыктан тайбаган бетке чабарлыгы менен коомдук-саясий турмуш боюнча чыгармалары тууралуу сөз болду.