Казакстанда бир аскер кызматкери коронавирустан көз жумду
![Казакстанда бир аскер кызматкери коронавирустан көз жумду](https://gdb.rferl.org/2B46A7EF-1D33-43E5-AB42-7AC4E254C071_w800_h450.jpg)
24-апрелде Казакстандын Мангыстау облусунда коронавирустан 40 жаштагы бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу аймактын башкы санитардык дарыгери Ергали Сыдыманов жума күнү билдирди.
Анын айтымында, Мунайлы районунун 1980-жылы туулган тургуну Актау шаарындагы дезинфекциялоо иштерине катышкан. Ал 20-апрелде дене табы көтөрүлүп, тамагы кычышкандыктан ооруканага кайрылган. Рентген анын өпкөсүндө пневмония бар экенин көрсөткөн. Маркум коронавируска байланыштуу эки жолу тесттен өткөнү, акыркы анализинен вирус аныкталганы белгилүү болду.
«Анын үй-бүлөсү бар, беш баланын атасы. Аны менен байланышта болгон адамдар карантинге алынды», - деди Сыдыманов.
Облустук башкы санитардык дарыгердин айтымында, көз жумган адам аймактагы аскердик бөлүмдөрдүн биринде иштеп келген.
Ушуну менен Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирустан баш-аягы 20 киши каза болду. COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны 2370 кишиден ашты.