Садыр Жапаров Улан Ниязбековду ички иштер министри кылып дайындады
Жаңы эле Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы премьер-министрлик кызматка шайлаган Садыр Жапаров ички иштер министрлик кызматка Улан Ниязбековду дайындоо тууралуу буйрук чыгарды.
Жапаровдун колу коюлган буйрук социалдык тармактарга тарады. Маалыматты “Мекенчил” партиясынын коомдук-саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” ырастады:
“Ооба, ошондой буйрук чыкты. Эртең Ниязбеков министрликтин жеке курамына тааныштырылат”.
Бакыт Аманбаев вице-премьер-министрлик кызматка ким дайындалары азырынча белгисиз экенин кошумчалады. Ал Эркин Асрандиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазбаганын, бирок 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына башка өкмөт мүчөлөрү менен чогуу келбегенин белгиледи.
Улан Ниязбеков ИИМде каржы-чарба бөлүмүн башкарып турган. 2012-жылы жүк ташуучу автоунааларды сатып жиберген деген негиз менен иши Башкы прокуратура тарабынан каралып, мыйзам бузуулар табылбаганы кабарланган. 2014-жылы кызматынан кетип, 2015-жылы парламенттик шайлоого “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен барган.
6-октябрь күнкү башаламандыкта абактан чыккан Садыр Жапаров 10-октябрь күнү Жогорку Кеңеш тарабынан премьер-министрлик кызматка шайланды. Ал өкмөттүн курамын өзгөртпөй турганын билдирген. Бирок Жапаровдун өкмөтүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жоктугу кабарланган.
Садыр Жапаровду өкмөт башчылык кызматка эми президент бекитиши керек.
Садыр Жапаров 10-октябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өзү мыйзамдуу түрдө бекисе, президент кызматтан кетерин айткан. (ZKo)