Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Взяточник Шарабидин Капаров организовал незаконные азартные игры

0
Взяточник Шарабидин Капаров организовал незаконные азартные игры

                                              КР Президенти Т.Т. Мамытовго

                                               723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

                                                                  Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АРЫЗ                          

24 январь 2020 ж. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында башкы прокурор Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Г.Калиеваны “былтыйып отурасыңар!” деп тилдешкен. 

1. Ш.Капаров башчы болгон убагында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын көптөгөн суулу, социалдык объекттин, стратегиялык объекттин, суу коргоо, жогорку электр линияларын коргоо, санитардык коргоо аймактардагы жана жалпы пайдалануудагы жерлери Кара-Суу райондук, Ош областтык жана Жогорку Соттун мыйзамсыз токтомдору менен жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилген. Жогорку Сот, Башкы прокуратура, КР УКМК, Ш.Капаров Соттордун ал мыйзамсыз токтомдорун жокко чыгарууну ордуна “былтыйып отурушат!”.

2. КР Коопсуздук Кеңешинде 40 % экономикабыз көмүскөдө, бюджет акчаларын көбөйтүү жана үнөмдөө, дотациядан чыгуу керектиги тапшырмасы берилген. Бирок, биз үч жылдан ашык убакыттан бери: “Ш.Капаров салыктарды толук чогултпай жатат”-деп арыз жазганыбыз менен укук коргоо органдары чара көрбөй жатат. Себеби КР транспорт миңистрлигинин 22.11.2019 ж. № Т-526 каты менен жол боюнда курулган рекламалык щиттер жана Достук участкасында курулган жүздөгөн дүкөндөр №21 жол тейлоо мекемеси менен макулдашылган эмес. Демек алар мыйзамсыз курулган жана куруу үчүн кимдерге “отметка” берилген, ижара акылар, салыктар кимдердин сол чоңтогуно тушуп жатат?. КР Салык комитетине ошол жөнүндө жазган арыздарыбыз натыйжасыз калды, демек көмүскө салыктар жана төлөмдөр коррупционерлердин сол чоңтогуно тушо берет, Президенттин тапшырмасы аткарылбайт жана саботажниктер жоопкерчиликке тартылбайт...

3. Ш.Капаров коррупция баткагына белчесинен батып, мамлекет эсебинен мыйзамсыз байып жатат. Себеби, Ош шаарынын боорунда жайгашкан Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жолдорун боюнда көптөгөн рекламалык щиттер жайгашкан. Бирок, факт жүзундо айыл өкмөтүнүн №12 19.02.2018ж. токтому менен 13,5 кв.м. бир эле рекламалык щит менен пайдалануу боюнча Сабирова Назима менен 34 020 сомдук ижара келишими тузулгон. Башка көптөгөн рекламалык щиттер менен келишимдер тузулгон эмес. Көптөгөн ал рекламалык щиттерден тушкон көмүскө акча жана салыктар көп жылдардан бери Капаровдун сол чоңтогуно тушуп жатат? Капаровдун жемкорлугу натыйжасында көп жылдар бою мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

4. Ш.Капаров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, базар баасынан өтө арзан баада атайын баалатып, Ш.Капаровдун муниципалдык кызмат орду жана жеке кызыкчылыктары ортосунда тууганынын жеке кызыкчылыктардын кагылышуусу менен, өзүнүн тууганы Маматалиев Аскар менен алдын ала сүйлөшүп, айыл өкмөтүнүн №140 16.12.2016 ж. токтому менен Ишкаван айылы 450 кв.м. муниципалдык имаратын 3000 сомго, 1 чарчы метрин болгону 6 сом 66 тыйында ижарага арзан берет. А. Маматалиев ал имаратта ар жуманын эки күнүндө Короздорду уруштуруп мыйзамсыз азарттык оюндарды уюштурган, жүздөгөн адамдарга кируу үчүн 50-150 сомдон акча алып (салык органдарында моору басылган сандуу билеттерсиз, салык төлөбөй, онлайн касса орнотпой, салык жана монополияга каршы органдарынын уруксатысыз жана катталбай), короз оюнда утуп алган адамдан 10 % суйунчу акчасын алып мыйзамсыз байышып жатат. Ал оюндардан бюджетке салык төлөнбөйт. Мындай мыйзамсыз иштер үчүн Капаровду жана А. Маматалиевди алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү үчүн КР КЖК 212 бер. 1, 2 бол. менен кылмыш жоопкерчилигине тартылуусу керек. Кара-Суу райСотунун токтому менен кумаркана жабылышы керек эле. Бирок, кумаркана артында мыйзамсыз байыган Капаров, Маматалиевдер соттун токтомун аткарбай жатышат. Ошон үчүн Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарын кумарпоздорун тейлеген, салык төлөбөгөн ал кумаркана өзүнүн кылмыштуу ишин улантып, кыргыз элин адеп-ахлагына коркунуч жаратып жатат.

5. Жогорку Соттун мыйзамсыз токтому менен стратегиялык объект -  Туштук Аэропорт жеке менчикке мыйзамдаштырылып берилген. Мамкаттоо карталарында ал Ош Түштүк Аэропотру деп жазылган. Бирок, Ш.Капаров жана Т.Матраимов мыйзамсыз баюу, мамлекеттик кызыкчылыктарга диверсия жасоо жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында КР Мамкаттоо кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп Мамкаттоо карталарынан ал стратегиялык объектти мыйзамсыз өчүрүп салышат. ОшГипрозем карталарында ошондой коррупциялык схема менен стратегиялык объектти жок кылышат. Мыйзамсыз жеке менчикке өткөн Аэропорттун жеринде 2016-2019 жылдары “Эльдорадо-Гранд”  рестораны курууга эч кандай уруксат кагаздары жок курулат. Ошол мыйзамсыз курулушту “Кактус-медиа” журналисттери (https://kaktus.media/doc/390455_restoran_eldorado_grand_postroen_v_zapadnom_aeroporty_osha._chto_nedogovarivaut_gosorgany.html  Ресторан Eldorado Grand построен в западном аэропорту Оша) иликтегенден кийин, Капаров парасын алып 2019 жыл 4 апрельда курууга уруксат берет. Уруксат кагаздары жок курулган объекттин мыйзамдуулугун текшеруу үчүн Капаров Мамэкотехинспекцияга, прокуратурага берген эмес. Бирок ал ресторан 2019 жылда курулуп буткон болуп, 2019 жыл 27 апрель-3 май күндөрү 700 орундуу ал ресторанда Ш.Капаров бир нече күн бою уулу Шабдандын тоюн өткөрөт. Ушул күнгө чейин укук коргоо органдары Ш.Капаров жана Шарабидин уулу Шадыбек эмне үчүн ал мыйзамсыз курулушту токтотушкон эмес, эмнеге ресторан курулуп буткондон кийин параны алып курулушка уруксат беришкен, же параны ордуна ал ресторанда бир жума бою той өткөргөнү үчүн мыйзамсыз уруксат бергенби?- деп тергөө жургузушкон эмес. Болбосо Ш.Капаровдун тоюнда мамлекеттик жана укук коргоо органдары өкүлдөрү катышышкан. Эмнеге алар Ш.Капаровко: “Айлыгын болгону 15 миң сом болсо, миллиондогон тойду кайсы коррупциялык акчаларга өткөрдүн?”- деп суроо беришкен эмес. Ошондой эле, Капаровдун жашаган үйү Раим миллиондун үйүнөн жакшыраак жана жеке менчигинде эки кабаттуу балдар бакчасы жана башка мүлктөрү бар, уулдары ар жума сайын кымбат баалуу автомашиналарды алмаштырып минип журушот. Ошон үчүн, УКМК төрагасы К.Ташиев Жалил Атамбаевдин тоюнан кийин мамлекет эсебинен мыйзамсыз байыган коррупционерлерге: “Кыргыз элинин кыжырына тийбей, мамлекет эсебинен уурдаган акчаларды көз-көз кылууну ордуна мамлекет бюджетине эки барабар өлчөмүндө тогуп кой, болбосо УКМК камайт” деп эскертуу берген. Бирок, УКМК төрагасы К. Ташиевдин ал эскертуусуна Капаров тукуруп жатат, себеби Ош областтык УКМК андан доля алып иштерин жаап жашырган адамы бар.

6. Коопсуздук Кеңешинин чечими менен Мамэкотехинспекция жетекчиси Ж. Жунушев курулушка мыйзамыз уруксаттар берилгени үчүн кызматтан алынды. КР Мамэкотехинспекцияга Ш.Капаров жана Кара-Суу райондук Мамэкотехинспекция башкы инспектору болуп иштеген Ш.Капаровдун уулу Шарабидин уулу Шадыбек мыйзамсыз аракеттери жөнүндө көп жолу кайрылдык. Бирок, мыйзамсыз курулуштарга Ш.Капаров парасын алып уруксаттар берип жатат.

7. Ресторандан тышкары, Аэропорттун жеринде бир канча көп кабаттуу курулуштар курулуп жатат. Аларга курууга Капаров уруксат берген. Бирок, алардын мыйзамдуулугун текшербей жатышат. Балким артында Матраимовдор тургандыктан болсо керек... Президентибиз: “Ар бир мамлекеттик кызматкердин айлыгы менен иштеткен акчасын укук коргоо органдары дыкат менен текшерип, эгерде аткамиңер чыгымдарын мыйзамдулугун тушунтуруп бере албаса, ал аткамиңерге мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши ачылып, мүлктөрү конфискацияланууга тийиш”-деп айткан. Бирок, укук коргоо органдары Президенттин ал тапшырмасы мыйзамсыз байыган Ш.Капаровко тийиштуу эмес - деп ойлойт бекен, эмнегедир ушул күнгө чейин Капаров мыйзамсыз байыган коррупциялык акчаларын бюджетке токпой жатат.

8. Президентибиз жана эл айткан койгойлуу маселелерди чечуу үчүн акча жок деген Капаров ошол эле убакытта коррупциялык жол менен баюу максатында, сметалардагы баасы ашык көрсөтүлгөн курулуш жана ремонт иштерине чоң акча каражаты ажыратат.

9. КР Президенти бюджетти көбөйтүүнү тапшырган, ошол бюджет акчаларын көбөйтүүнү жолу санариптештируу болуп саналат. Мисалы үчүн, Ш.Капаров мыйзамсыз баюу үчүн Президенттин ал тапшырмасына тукуруп, санариптештируу тапшырмасын саботаж кылып жатат. Себеби, үй-жай куруу үчүн жер тилке ажыратууда, муниципалдык мүлктү сатууда, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам акчасын ажыратууда, курулуштарга уруксат берүүда, турак-жайларды турак-жай эмес категориясына которууда, санариптештирууну аткарган эмес, айыл өкмөтүнүн токтом жана буйруктарын интернетке жайгаштырган эмес. Натыйжада, ал аракеттерде коррупциялык схемаларды колдонуп, Ш.Капаров мыйзамсыз байып жатат.

10. Ишкаван айылынын жолдорун 3 км асфальттоо үчүн эки жыл аралыгында республика бюджетинен акча бөлүнгөн. Ш.Капаров мыйзамсыз баюу жана мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтируу максатында ДЭП-21 кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп асфальттын калындыгын аз салдырып, жолду сапатсыз асфальттайт (жолдун туурасын текшеруу керек?). “Автомобиль жолдор жөнүндө” КР Мыйзамынын 39-4 беренесине ылайык ДЭП-21 ишканасы жаңы асфальттаган жолго 5 жыл кепилдик берет. 5 жыл ичинде жол талапка жооп бербей калса, жолду жаңыдан асфальттосу каралган. Бирок, анда Капаров алган долясын кайтаруусу керек болот. Ошондуктан сапатсыз жол ондолбой, начар абалга келген. Төшөлгөн асфальттын сапаты начар, калындыгы аз, битумунун сапаты талапка жооп бербейт. Коммунист айылынын ДЭП-21 асфальттаган жолу да ошондой начар абалга келсе Капаров  жооп береби же кутулуп калабы?

11. Ишкаван айылынын көпүрөсүн кенейтуу үчүн (МСА порталы №200226216311340), (МСА порталы №200707233696517) бюджеттен 681,5 миң сом акча ажыратылат. Ишкаван айылына маалыматтык белгилерди орнотуу үчүн (МСА порталы №200226216019479), (МСА порталы №200824240980399) 184,3 миң сом акча ажыратылат. Бирок, мамлекеттин акчасы сарамжалсыз пайдаланган деген шек бар.

12. Ишкаван айылында спортзал куруу үчүн 2019 жылы (МСА порталы №190927190115074) 690 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок, 1,5 жыл өтсө дагы спортзал курулган эмес. Мамлекеттин акчасын ким жеп алды экен?

13. Коммунист ФАП (мурдагы Клуб) имаратын оңдоо үчүн (МСА порталы №200821240737871) 386 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок, курулуш ремонт иштери сапатсыз аткарылган.

14. Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан Почта имаратын капиталдык оңдоо үчүн (МСА порталы №200811238757644) 70 миң сом акча бөлүнгөн. Бирок, ремонту сапатсыз аткарылган.

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаровду, анын туугандарын жана Салык, прокуратура, эсептөө палатасында, Мамэкотехинспекция кызматтарында аны колдогон саботажниктерди кылмыш жоопкерчилигине тартылуусун камсыз кылуунузду жана аныкталган мыйзам бузууларга чара көрүүнузду суранабыз.

2) Арыздарыбызды текшерүү үчүн Президенттин коррупция менен күрөшүү саясатын сөзсүз аткарган курамына КР Башкы прокуратурасы, КР УКМК, КР Финполициясынын Борбордук аппаратынын кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобун тузуп, тапшыруунузду суранабыз.

3) Арыздарыбызды текшерууну өз көзөмөлүүнүзга алуунузду.

 

Коррупционердин курмандары                                    О.Д. Токторалиева,

                                                                                       Г.М. Мирзакаримова, 4 январь 2021 ж.

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Капаровду күнөөлүү деп эсептөөнүздү суранабыз, себеби бизди бир нече жолу жемкор Капаров жана уулдары өлтүрөбүз деп коркутушкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин объявил о начале испытаний беспилотного трамвая в городских условиях и запуске виртуальной карты «Тройка»





Москва

Количество пользователей-инвесторов на платформе «Атомайз» превысило 72000


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Моргенштерн

Связанную с Моргенштерном* блогершу Ахметову лишили родительских прав после видео, на котором она душила дочь




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Анимационной компании «ЯРКО» – 3 года!

Эксперт оценила развитие района Филевский парк

«Евро-Футбол.Ру»: «Спартак» никогда не интересовался Сафоновым


Ролан Гаррос

В Париже стартует «Ролан Гаррос» открытый чемпионат Франции по теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


ATP

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России