Коюу тумандан улам Бишкек-Ош аба каттамдары кармалууда
«Ош» эл аралык аэропортунун аймагын 4-январда саат 18:20дан бери коюу туман каптап турат. Буга байланыштуу аба каттамдары кармалып жатканын «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Тумандан улам «Тез Жет» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош-Бишкек, «Авиа Траффик» компаниясынын Ош-Бишкек рейстери уча элек. Аэропорттун жетекчилиги жарандарды каттамдар тууралуу маалыматтарды сурап билүү түйүндөрүнөн 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 телефондору аркылуу тактап алууга чакырууда. (NT)