Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды

0
Уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды

Бийлик Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракетин баштады. Ал үчүн мунапыс мыйзамы жазылып жатат.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, коопсуздук талаптарына жооп берген жана уруксат алынган жерге түшкөн объектилерге гана документ берилет. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жана Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясында көтөрүлүп, ар кандай пикирлерди жаратты.

Түркия жана Сириядагы жер титирүүлөрдүн курмандыктары менен кыйраган үйлөр Кыргызстанда курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Бул маселе 21-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, Кыргызстанда мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу жараяны башталганы белгилүү болду.

“Мунапыс берүү боюнча долбоорду даярдап өкмөттүн кароосуна жибердик. Бишкекте мыйзамсыз курулган 34 объект бар. Мындай маселе Москвада, биздин коңшу мамлекеттерде да бар. Аларда да курулуш ишканалары уруксат кагаздарын албай туруп үйлөрдү куруп жиберишет. Маселени чечүү үчүн курулуш компанияларына белгилүү бир мөөнөттө документтерин бүтүрүп алууга убакыт берилет”, - деди Бишкектин башкы архитектору Урмат Карыбаев.

Ал эми Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулунун сөзү боюнча, Кыргызстанда 87 мыйзамсыз курулуш бар, анын 37си Бишкекте салынган. Ал мунапыстын алкагында ар бир үй текшерилерин, уруксат ошонун негизинде гана берилерин айтты.

“Бул бир эле жолку мыйзам болот. Садыр Нургожоевич да айтты, “буга чейин салынып калгандыктан жанагынча кишини эшикке чыгара албайбыз” деп. Талапка жооп берген үйлөрдү мыйзамдаштырабыз, андан кийин кимде-ким мыйзамсыз курулуш жүргүзө турган болсо, мэрияга тийиштүү жерлерди артка тартып алабыз же лицензиясын жокко чыгарып, ушуну менен Кыргызстанда мыйзамсыз курулуш дегенди унутабыз”.

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылы жарыялаган тизмесине ылайык, Бишкекте мыйзамсыз салынган 37 көп кабаттуу үйдүн сегизи Биринчи май, алтоо Свердлов, 11и Ленин жана 12и Октябрь районуна жайгашкан. Ичинде эки кабаттан 13 кабатка чейин жеткен турай жайлар бар.

Мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берип мыйзамдаштыруу аракети 22-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда да көтөрүлдү.

Жыйында Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин башчысы Жоодарбек Атакеев да түшүндүрмө берди.

"Мунапыс бериш үчүн жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтуна документтерди жиберебиз. Институт көп кабаттуу үйдү текшерип сейсмикалык талаптарга жооп берет деп чечим чыгарганда гана мунапыс берилет. Андан тышкары үй белгиленген чектен чыгып кетпеши керек. Ошондой эле автоунаа токтотуучу жай, балдар ойной турган аянтча сыяктуу башкы планда жазылгандардын баары сакталышы зарыл".

Турак жай салуу үчүн курулуш компаниялары биринчи жерге документ алып, андан кийин коммуналдык кызматтарга кошулууга мэриядан уруксат алышы керек.

Бирок айрым компаниялар жашыл китеп берилген аймакка көп кабаттуу үйлөрдү салып, ага кирип жашап жаткандар бар. Айрымдары үйдү бүтүрбөй, жарандар менен уруксат документтерди албаганы үчүн мэрия менен жылдап соттошуп жүргөн ишканалар чекеден чыгат.

“Мыйзамсыз салынып калган үйлөргө башкы архитектор документ бере албайт. Эгерде эртең кайсы бир имарат урап түшсө, жоопкерчиликти алууга туура келет. Бирок азыр үйдү сатып алган кишилер гана жапа чегип атат. Алардын колунда үйүнүн техникалык паспорту жок. Ушундан улам алар үйүн күрөөгө коюп насыя ала албайт”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Бахридин Шабазов.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов мыйзамды сактабай курулуш жүргүзгөн компанияларга мунапыс берүү акниет иштеген ишканаларга зыян алып келерин айтууда.

“Мыйзамсыз салынган көп кабаттуу үйлөргө мунапыс берүү мүмкүн эмес. Анда баары бир кийин мыйзамдаштырылат экен деп үйлөрдү каалагандай сала берсе болот экен да. Ошондуктан бул туура эмес. Жоопкерчиликти сезген, мыйзамды сыйлаган да куруучулар бар. Арасында мыйзамды сыйлабаганы да чыгат. Алардын айынан азыркыдай иштер болуп атат. Эмне үчүн кээ бир компаниялар мыйзамды сыйлап, салыкты төгүп үйдү мыйзамдуу куруш керек да, айрымдары мыйзамсыз куруп туруп кийин мыйзамдаштырып алыш керек? Бул - адилетсиздик. Мыйзамсыз курулуштун айынан сатып алган адамдардын укугу бузулууда. Экинчиден, коопсуздук жагы да бар”.

Түркияда жана Сирияда он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин Кыргызстанда курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлө баштады.

Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаменти өлкөдө кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат деп ишендирип жатат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты текшерилип жатканын айткан.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин утвердил проект комплексного развития территорий на юге Москвы





Москва

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин расширил программу стимулирования создания мест приложения труда



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Александр Градский

Суд отказал детям Градского в аресте имущества вдовы покойного мэтра




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Путин обратился с приветствием к участникам Спортивных игр стран БРИКС

Путин приветствовал в России участников и гостей Спортивных игр стран БРИКС

Росгвардия приняла участие в спортивном празднике «Динамо» в Москве


Даниил Медведев

Медведев, Кафельников, Федерер, Маррей, Роддик, Агасси поздравили Синнера со статусом первой ракетки мира



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сергей Собянин. Главное за день



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России