Алматыда мурдагы ИИБ башчысына сыртынан издөө жарыяланды
Казакстандын Алматы облусунун мурдагы милиция башчысы Серик Күдебаев сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланды. Прокурордун өтүнүчү менен сот ушундай чечим чыгарганын 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.
Былтыркы кандуу Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазды.
Ал тергөө учурунда үй камагында болгон. Мурдараак кан басымы көтөрүлүп, жеке медициналык борборго жатканы айтылган.
Былтыр январдагы топ-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткен. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Адвокаттары бул айыптоолорду негизсиз деп аташкан. Прокурор Кудебаевди тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.