Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 03.04.2023

Кыргызстан аркылуу Европага кирген беларус жыгачы

Azattyk.org 

Журналисттер беларус жыгачы Евробиримдиктин аймагына Кыргызстан аркылуу ташылып жатканын таап чыгышты. Маалыматка караганда, беларус жыгач өндүрүүчүлөрү Кыргызстан жана Казакстан аркылуу кыйыр реэкспорттоо схемасын колдонуп, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө өз продукциясын жеткирген.

Январь окуясы: Казак генералы сыртка Кыргызстан аркылуу чыгып кеттиби?

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, генерал майор Серик Кудебаев сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланды. Ал Январь окуясы боюнча айыпталууда. 3-апрелдеги сот отурумунда прокурор Кудебаевдин ишин кароону токтотуп, эл аралык издөө жарыялоону өтүнгөн. Судья аны канааттандырды. "Кыргызстан аркылуу качкан казак генерал" Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан Серик Кудебаев Казакстандан чыгып кеткени айтылууда. Zakon.kz сайты расмий маалыматтарга таянып,... Читать дальше...

Тыңчылыкка айыпталып камалган Гершкович апелляциялык арыз берди

Azattyk.org 

Wall Street Journal (WSJ) гезитинин кабарчысы Эван Гершкович аны камакка алуу чечимине каршы доо арыз берди. Орусиялык маалымат каражаттары жазганына караганда, тыңчылык үчүн айыпталган 32 жаштагы журналист апелляциялык арыз менен 3-апрелде кайрылды. AFP агенттиги соттун басма сөз катчысына таянып, угуулардын датасы ушул аптада белгилүү болорун жазды. 30-мартта Москва шаарынын Лефортово райондук соту Гершковичти 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган. Америкалык журналистти Екатеринбург шаарында коопсуздук кызматы (ФСБ) 29-мартта кармалган. Читать дальше...



Косоводогу согуш кылмыштары боюнча сотто Тачи күнөөсүн моюнга алган жок

Azattyk.org 

Гаагада 3-апрелде Косоводогу согуш кылмыштары боюнча соттук угуулар башталды. Жарым-жартылай таанылган жумурияттын экс-президенти Хашим Тачи мурдагы Югославиядагы куралдуу жаңжал маалындагы адам өлтүрүү, кыйноолор жана куугунтуктар үчүн күнөөлүү эместигин билдирди. Калган үч айыпталуучу Якуп Красничи, Кадри Весели жана Режеп Селими да күнөөсүн моюнга алган жок. Төртөө тең косоволук албандардын Боштондук армиясынын жетекчилигине кирчү. Армия 1990-жылдардын аягында куралдуу күрөш аркылуу Югославиядан көз карандысыздык алууну көздөп келген. Читать дальше...

Бишкектеги акция: Ногойбаев кечирим сурады

Azattyk.org 

Бишкекте шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган акция өттү. Укук коргоочулар Ногойбаев өткөн жумадагы маеги учурунда өспүрүм кыздарды зордуктагандарды актаган деп күнөөлөп жатышат. Коомчулуктун мындай нааразылыгынан кийин ал туура эмес сүйлөгөнүн моюнга алып, элден кечирим сурады. Өткөн аптанын соңунда Азамат Ногобаев Фейсбуктагы түз эфир учурунда социалдык тармактын колдонуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып сексуалдык зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыздын окуясын мисал келтирген. Читать дальше...

Азербайжанда депутатка кол салууга байланыштуу төрт киши камалды

Azattyk.org 

Азербайжанда парламент депутатынын өмүрүнө кол салуу аракетине байланыштуу төрт киши камакка алынды. Бул тууралуу 3-апрелде Ички иштер министрлиги билдирди. Шектүү адамдар тууралуу кеңири маалымат берилген жок. Кошуна Иранды катуу сындап жүргөн Фазил Мустафа 29-мартта Бакуда жарадар болгон. Ок анын ийинине жана бутуна тийип, ооруканага жеткирилген. Коопсуздук кызматы депутаттын үйүнүн жанында болгон окуяны “теракт” деп сыпаттап, тергөө иштерин баштаган. Мустафа бийликке лоялдуу Boyuk Qurulus партиясынын парламенттеги жападан-жалгыз өкүлү. Читать дальше...

Иранда милдеттүү  хижаб эрежесин бузгандар билим ала албайт

Azattyk.org 

Ирандын Билим берүү министрлиги милдеттүү хижаб эрежесин бузгандар мектеп же университеттерде билим ала албасын эскертти. Министрликтин 3-апрелдеги маалыматына ылайык, Нооруз каникулдарынан кийин кайра ачылган окуу жайларда ал эрежени сактабагандар класстарга киргизилбейт. Мекеме мындай чара "окуучулар арасында ислам маданияты жана дини тууралуу позитивдүү жана конструктивдүү талкуу жаратуу, ар-намыс жана хижаб маданияты тууралуу туура жана позитивдүү көз карашты калыптандыруу” максатында көрүлүүдө деп билдирди. Читать дальше...

Александр Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти

Azattyk.org 

Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлигинен билдиришти. Маалыматта ал кызматтан "Кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара чечими менен" кеткени жазылган. Крестинин комментарий бере элек. 44 жаштагы орусиялык Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келген. Ага удаа 2017-жылдан 2021-жылы Бишкектин "Дордой" футбол клубун да машыктырып жүрдү. Читать дальше...



Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: талапкерлердин саны үчкө жетти

Azattyk.org 

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Маалыматка караганда, 3-апрелде Марат Арзыкулов БШКга талапкерлигин коюу жөнүндө арыз тапшырган. Буга чейин юрист Эркин Булекбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов арыз беришкен. Үчөө тең өзүн-өзү көрсөткөндөр. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча... Читать дальше...

Прокурор Ырыс Жекшеналиевди алты жыл абакка кесүүнү сурады

Azattyk.org 

Санкт-Петербург шаарындагы кафеде ашынган кремлчил блогерди жардырууга шектелип 26 жаштагы Дарья Трепова кармалды. Бишкекте шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылган акция өттү. Бишкекте аутист балдар жана алардын ата-энеси үчүн реабилитация борбору ачылды.

"Кыргыз бойдон калалы". Кусеин Исаевдин артында калган эмгек

Azattyk.org 

Мударис Кусеин Исаев кыргыз коомдук илимдерине зор салым кошкон илимпоз эле. Анын илимий эмгектери, социологиялык изилдөөлөрү кызыгуу жаратып, коомдук резонанстарды жаратчу. Чын куран айынын башында айтылуу илимпозду кыргыз коомчулугу акыркы сапарга узатты. "Жетим өсүп жетилген" Мударис Кусеин Исаевдин ар тараптуу илимий ишмердиги өзүнчө алганда өтөле кызык, жалкы проблема, жалгыз багытка байырлабаган, чабыты кенен ой өрүшү философия менен социалдык илимдерди ичине камтыган, түпкүлүгүндө барып коомдук өнүгүүнү... Читать дальше...

Казакстанда бензин менен дизелдин баасы кымбаттайт

Azattyk.org 

Казакстандын Энергетика министрлиги бензиндин баасын 11%, дизелди 20% көтөрүүнү чечти. Бул тууралуу 3-апрелде министр Болат Акчулаков билдирди. Мындай чечимди ал "Казакстан менен коңшу мамлекеттер ортосундагы баанын айырмасын азайтуу зарылчылыгы" менен түшүндүрдү. Анын айтымында, мунайды кайра иштетүүчү үч завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулаганына карабай, өлкөнүн айрым аймактарында тартыштык сезилип жатат. Министр таңкыстыкты кымбат импорттук күйүүчү май менен жабууга туура келгенин белгиледи. Читать дальше...

Жыл башынан бери кызылча жана кызамык жугузган 47 бейтап катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери кызылча (корь) оорусу менен 41, кызамык (краснуха) менен алты бейтап катталды. Бул тууралуу 3-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммуннопрофилактика борборуна таянып билдирди. Илдетке кабылгандардын басымдуу бөлүгү Ош облусунда (20). Андан кийин Бишкек шаары турат (8).  Маалыматта оорунун көбөйүшүнүн негизги себеби кызылча жана кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн азайышы, эмдөөдөн баш тарткандардын санына байланыштуу экени белгиленген. Аталган... Читать дальше...

Кыргызстандын футбол чемпионаты башталды

Azattyk.org 

Жекшембиде футбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты - Премьер-лиганын оюндары башталды. 2-апрелде биринчи турдун оюндар өтүп, “Абдыш-Ата” менен “Талант” командасы 0:0 тең ойносо, “Алай” командасы “ОшМУ-Алдиерди” 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы жалгыз голду “Алай” командасынын оюнчусу Рыскелди Артыкбаев 82-мүнөттө киргизди. Бүгүн, 3-апрелде “Алга” - “Кара-Балта” командалары, “Нефтчи” менен “Илбирс”, “Мурас Юнайтед” -“Дордой” беттешет. Быйылкы өлкө чемпионатына 10 команда катышууда.  “Абдыш-Ата”... Читать дальше...

Прокурор блогер Ырыс Жекшеналиевди алты жылга кесүүнү сурады

Azattyk.org 

3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин ишин кароо уланды. Сотто прокурор блогерди күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сурады. Кийинки жараян 11-апрелде болот. “Эч кандай кылмыштын курамы жок. Ырыс Жекшеналиев “бийликти басып алалы же жапырт башаламандык кылалы” деген эмес да. Бир да далил жок. Кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу деп,  коюлган айыпты алыш керек”, - деди адвокат  Кантемир Турдалиев. Читать дальше...

Балдарды 1-класска кабыл алуу үчүн электрондук каттоо башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдарды мектепке 1-класска кабыл алууга электрондук каттоо апрель айында башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этапта тургундар жашаган жери боюнча (10-апрелден 25-июнга чейин), экинчи этапта дарегине карабай (26-июндан 31-августка чейин) каттоого турса болот. "Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. Читать дальше...

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы: Мас айдоочулар 76% кыскарды

Azattyk.org 

Өлкө аймагында акыркы бир жума ичинде мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган башкармалык бир ай мурда күчүнө кирген жаңы эрежелерге байланыштуу талдоо жүргүзүүдө. Ага ылайык, соңку үч күн ичинде мас абалында машине айдагандардын саны 76% азайганы байкалган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде мас абалында рулга отурган 237 айдоочу аныкталган. Быйыл 8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирген. Читать дальше...

Көк бөрү мелдешин өткөргөн чыт курсактар

Azattyk.org 

Эшек минип, кадимки көк бөрүгө түшкөн жумгалдык чыт курсак балдар быйыл кышында интернетте кызуу талкууланды. Алар чоң оюндун эрежеси менен ойноп, ич ара мелдеш уюштуруп жибергенге да жетишти. Алардын ар биринин келечекте өлкөгө таанылган атактуу көкбөрүчү болсом деген кыялы бар.


Музыкальные новости
Эдит Пиаф

В театре "Модерн" состоялась премьера моноспектакля "Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф"





Rss.plus
#123ru.net

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».




Концерты для ветеранов ко Дню Победы провели в Подольске

Подмосковный врач Войчук назвал лучшие блюда для пикника

Количество креативных кластеров в Москве за 5 лет выросло почти вдвое

Лучшие фильмы Международного фестиваля правильного кино назвали в Музее Победы




"Тил билбесең, айып пул төлөйсүң". Орусиянын мигранттар боюнча сунушу

Azattyk.org 

Орусиянын мигранттардын "орус тилин үйрөнүүсүнө шык берүү" боюнча сунушу Кыргызстанда да кызуу талкуу жаратты. Сунушта чет элдиктердин тилди канчалык билери боюнча рейтинг чыгып турары, анда жакшы көрсөткүчкө жеткендерге салыктык жеңилдик берилсе, төмөн упай алгандар кошумча акча төлөшү мүмкүн экени айтылган. Кыргызстандан барган миллиондон ашык мигранттын көбүнүн жогорку билими жок экенин, бул талапты алардын үстүнөн акча табуу амалы катары баалагандар да болууда. Орусия ИИМнин сунушу Орусиянын... Читать дальше...

УКМК 13 кишини Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берген деп айыптоодо 

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коммитет (УКМК) 13 кызматкер Суу фондунун жерин мыйзамсыз бөлүп берүүгө айыпталып жатканын билдирди. Маалыматка караганда, Чыгыш Чоң Чүй каналынын жээгиндеги жерлерди, шаар куруу, уруксат берүүчү жана белгилөөчү документтерди мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган. Атайын кызмат суу коргоо зоналарынын аймагында имараттарды курууга тыюу салынганына карабастан, тийиштүү кызмат адамдары архитектуралык уруксаттарды берип, алардын негизинде Суу фондунун жерлерине коммерциялык курулуштар курулуп кеткенин кабарлады.

Президенттин администрациясында кызматкерлердин саны азайды

Azattyk.org 

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды. Бул тууралуу администрациянын басма сөз кызматы билдирип, мындай кадамды чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун арттыруу жана бюджетти натыйжалуу пайдалануу аракети менен байланыштырды. Маалыматка ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү. Айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду. Садыр Жапаров 2021-жылы президенттин аминистрациясынын, министрликтердин... Читать дальше...

Алматыда мурдагы ИИБ башчысына сыртынан издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы облусунун мурдагы милиция башчысы Серик Күдебаев сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланды. Прокурордун өтүнүчү менен сот ушундай чечим чыгарганын 3-апрелде “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады.   Былтыркы кандуу Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазды. Ал тергөө учурунда үй камагында болгон. Мурдараак кан басымы көтөрүлүп, жеке медициналык борборго жатканы айтылган. Былтыр январдагы топ-тополоңдо... Читать дальше...

Блинкен Лавров менен сүйлөшүүдө журналист Гершковичти тез арада бошотууга чакырды

Azattyk.org 

Жекшембиде АКШ менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин башчылары Энтони Блинкен менен Сергей Лавров телефондо сүйлөштү. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Wall Street Journal (WSJ) басылмасынын журналисти, Орусияда тыңчылыкка шектелип камакка алынган Эван Гершковичти тезинен бошотууга чакырды.  Блинкен кабарчы менен байланышкан жагдайды "кабыл алынгыс" деп атаганын Мамлекеттик департаментке шилтеме берүү менен "Америка добушу" маалымдады. Блинкен менен Лавров дипломатиялык өкүлчүлүктөргө... Читать дальше...

Черногорияда 37 жаштагы Яков Милатович президенттик шайлоодо утту

Azattyk.org 

Черногорияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгында “Европа бүгүн” кыймылынан президенттикке талапкер, экономист Яков Милатович жеңди. Ал 1991-жылдан бери Черногорияны кыска тыныгуулар менен башкарып келе жаткан учурдагы президент Мило Жукановичтин ордуна келет. 3-апрелге караган түнү Подгорицадагы Мониторинг жана изилдөө борбору Милатович 60% добуш алганын кабарлады. Жуканович жеңилгенин мойнуна алып, атаандашын куттуктады. 37 жаштагы Милатович Черногориянын мурдагы экономика министри. Читать дальше...



Москва

Приём подолога в Первом Даниловском медицинском центре


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о сбитом на подлете к Москве беспилотнике



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певец

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Driving Los Angeles 8K HDR Dolby Vision - USC to Manhattan Beach



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России