Үч, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом сүйүнчү берүү сунушталды
![Үч, төрт эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө 500 миң сом сүйүнчү берүү сунушталды](https://gdb.rferl.org/8A032D41-352E-4696-AD9F-92DA6A1A99E8_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда үч же андан көп эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө бир жолу 500 миң сом сүйүнчү пул берүү демилгеси көтөрүлдү. Тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Максатбек Сарбагышев, Нурбек Алимбеков жана Мирлан Самыйкожо сунуштады.
Парламенттин басма сөз кызматы долбоор 3-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланып, колдоо тапканын билдирди.
Расмий маалыматка караганда, 2022-жылы өлкөдө 1380 эгиз, 13 үч эм жана 1 төрт эм төрөлгөн. 2021-жылы 1452 эгиз, 17 үч эм, ал эми 2020-жылы 1552 эгиз, 18 үч эм бала жарык дүйнөгө келген.
Он жылдагы төрөттү алып карасак, 2012-2019-жылдары статистика улам жогорулап, эгиздер 1286дан 1640ка жеткен. Соңку он жылда Кыргызстанда алты жолу төрт эм төрөлгөн.
Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4000 сом сүйүнчү чегериле баштаган.
Былтыр Кыргызстандын калкы 7 миллионго жетти. Өлкөнүн миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. (BTo)