Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

"Кызым менен неберемдин сөөгү табылбады". Түркиядагы зилзалада дайынсыз кеткендер

0

Түркиядагы 6-февралдагы катуу зилзаладан кийин урандылар дээрлик тазаланды. Бирок жер менен жексен болгон имараттардын астынан дагы деле жакындарын издегендер бар.

Мындан он жыл мурун Антакия шаарында курулган 12 кабаттуу (250 батирлүү) эң коопсуз делген Rönesans Rezidans комплекси зилзалада тыптыйпыл болду. Учурда  урандылар тазаланып бүттү. Бирок ал комплексте жашаган 80дей киши алигиче дайынсыз.

"Кызым менен неберем жашаган үйдүн жанында 17 күн күттүк"

Мектепте мугалим болуп иштеген Бирай Бешерикли беш жаштагы кызы Назенде менен дал ушул комплекстин биринчи кабатында турчу. Анын атасы Мехмет Бешерикли жер силкинген түнү кызы менен небереси жашаган үйгө жетип келгенин, бирок ушул күнгө чейин алардын сөөгү табылбай, барбаган мекеме, оорукана, өлүккана калбаганын жергиликтүү Habertürk агенттигине айтып берген. 

"Антакияда бир дагы үй, имарат соо калбады. Зилзаладан кийин кызым неберем менен жашаган үйдүн урандысынын жанында 17 күн күттүк. Кийин куткаруучулар өлгөн кишилерди алып чыгып, атайын баштыктарга сала башташты. Жакынын издеген кишилер улам бирден барып, ал баштыктардан тааныгандарын алып кетишти. Бирок менин кызым менен неберем чыккан жок. Аялым менен оорукана, көрүстөн, өлүкканаларга ДНКларыбызды тапшырганбыз. Эч майнап чыкпады. Акыр аягы алардын сөөгү бүтүн чыгарына ишенбейм, бирок жок дегенде денесинин бир бөлүгү чыкса экен деп үмүтүмдү үзбөй отурам", - дейт антакиялык Мехмет.

Курулуш компаниясы убагында "Бейиштин төрү" деп жарнамалаган бул комплекстен жакындарын издегендердин арасында Мустафа Кемал Инжили да бар. Ал 60 жаштагы эжеси Мевлүде Инжили менен 39 жаштагы жээнин издейт.

Мустафанын айтымында, Түркия боюнча ал кайрылбаган ооруканасы калган жок.  

"Урандыларды тазалоо иштери аяктаганы менен эжем, жээнимдин кабары чыкпады. Эжемдин коңшусу зилзаладан кийин алардын жардам сурап кыйкырган үндөрүн уккан экен. Мындан улам алгачкы күндөрү алар да тирүү чыгат деп ишенгенбиз. Бирок эмне кылсак да таба албадык. Шаардагы бардык көрүстөндөрдү кыдырып чыктык. Ал жердеги бардык сүрөттөрдү бирден карап чыктык. Хатай, Адана, Мерсин, Стамбул жана Анкарадагы бардык ооруканаларды сурадык. ДНК үлгүлөрүн бердик, бирок али кабар жок".

Расмий Анкара зилзала курмандыктары 50 миңден ашканын билдирди. Бирок жергиликтүү калк дайынсыз кеткендердин саны бир топ экенин айтууда. Апаатта каза болгондордун 6 миң 660ы чет өлкөлүктөр. Дээрлик көпчүлүгү сириялыктар деп айтылды.

Кызын издеген өзбекстандык эне

Өзбекстандык эки студент Фазилат Майлибоева менен Мафтуна Курбанова да 6-февралдан бери дайынсыз.

Фазилаттын апасы Наргиза Майлибоева кызынын дайынын издеп, Ташкенттен Түркияга барып, бирок табалбай, үйүнө кайтып келген.

Ал Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринен жардам сураганын, бирок алардан так жооп алалбай жатканын айтты.

"Азыр Өзбекстандамын. Бул жакка келгенден кийин өлкөнүн Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине бардым. Элчиликтерге да бардым, "ишемби, жекшемби күндөрү иштебейбиз, шашпай тур" дешти. Алар мени ушинтип кармап отурушат", - деди кызын издеген Наргиза.

Фазилат "Кахраманмараш Сүтчү Имам" университетинин Экономика факультетинде, Мафтуна болсо Медициналык бөлүмдүн 2-курсунда окуп жаткан.

Ушул университетте билим алган дагы бир өзбекстандык Гүзел кырсык болгон түнү Измир шаарында болгон. Ал "Озодлик" радиосуна курган маегинде, жердештерин издөө үчүн жардам берип жүргөнүн, прокуратурадан келе турган маалыматты күтүүдөн башка айлабыз жок деп билдирген. 

"Төрт блок бири-биринин үстүнө кулап түшкөн. Урандылар сегиз күн бою күйүп турду. Ушул себептен улам сөөктөр урандылардын астынан таанылгыс абалда чыгарылды. Сөөктөрдүн көбү күйүп кеткен. Андыктан эч кандай жыйынтык ала албай жатабыз. Кахраманмараш шаардык прокуратурасы "ДНК анализин күткүлө" деп койду".

"Урандылардын астында сөөктөр болушу мүмкүн"

Түркияда жер силкинүүдөн жабыркаган 11 аймакта урандыларды тазалоо иштери уланууда. Буга чейин өлкөнүн Экология министрлиги кыйраган үйлөрдүн таштандылары атайын бөлүнгөн жерлерге төгүлүп жатканын кабарлаган.

Хатай провинциясынын Самандаг районунун тургундары жер титирөөдөн кийин чатырларда баш калкалоодо. Алар лагерге жакын айдоого кыйраган үйлөрдүн калдыктары төгүлүп жатканын айтып чыгышты. Тургундар күн ысыган сайын таштандылардан сасык жыт чыгып жатканын даттанган. 

"Самандаг районунун болгон темир-тезеги ушул жерге төгүлүп жатат. Апааттан кийин дал таштандынын түбүнө 1500 чатыр тигилип берилди. Биз кирип жашап баштагандан кийин таштандыларды төгө башташты. Бирок бул жерде жашоо мүмкүн эмес. Жытынан тура албайсың. Урандылардын астында кишилердин сөөктөрү болушу мүмкүн",- дейт нааразылык акциясына чыккан тургундардын бири "Анка" агенттигине.

Тек-жайы аныкталбаган балдар

Ошол эле маалда түрк бийлиги тек-жайы аныкталбаган кичинекей балдардын ата-энелерин издеп жатат. 

Түркиянын Үй-бүлө жана социалдык кызматтар министрлигинин расмий сайтында зилзаладан кийин аты-жөнү аныкталбаган балдардын маалыматтары чыгып турат.

30-марттагы маалыматка ылайык, ооруканаларда тек-жайы аныкталбаган 35 бала бар экенин айтылат. 81 бала министрликтин карамагына алынган.





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о новом вольере для снежных барсов в Московском зоопарке





Москва

Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о новом вольере для снежных барсов в Московском зоопарке



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Брановицкий

Создание сайта. Создание сайта с нуля. Создание веб сайта.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире

Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе

Московские школьники завоевали четыре медали на престижной Международной олимпиаде


Бьянка Андрееску

Бьянка Андрееску: «Мне нравится, что на траве, поскольку она намного быстрее грунте, меньше времени на раздумья»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Ниже воды: как идет обновление подводного флота России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России