Мөөнөтүнөн мурда шайлоо: талапкерлердин саны үчкө жетти
Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди. Маалыматка караганда, 3-апрелде Марат Арзыкулов БШКга талапкерлигин коюу жөнүндө арыз тапшырган. Буга чейин юрист Эркин Булекбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Максат Кунакунов арыз беришкен. Үчөө тең өзүн-өзү көрсөткөндөр.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт.
Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.
Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.
Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.(КЕ)