БУУ Судандагы чатактын кесепети оор болорун эскертти
Суданда кырдаал курчугандыктан Батыш, Араб жана Азия өлкөлөрү миңдеген жарандарын эвакуациялоону тездетти. Хартумдан эвакуация болгондор 65 автоунаада Кызыл деңиздин жээгиндеги Порт-Суданга 800 чакырымдык жолго чыкты. Колоннада ондогон балдар, элчиликтердин жана гуманитардык уюмдардын жүздөгөн кызматкерлери бар.
БУУнун маалыматына караганда согушуп жаткан аскердик-саясий күчтөрдүн ортосундагы тирешүү күчөйт деп болжолдонууда.
Reuters агенттиги жана башка эл аралык басылмалар Хартумдан БУУнун баш катчысына таянып кабарлашкандай, чыр-чатактын кесепети оор болушу мүмкүн. БУУ дүйнөлүк державаларды ок атышууну токтотуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн Судандагы согушуп жаткан күчтөргө "басым көрсөтүүгө" чакырды.
Судандагы кризисти жөнгө салуу боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны 25-апрелге белгиленген.
Өлкөнүн Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп жатат.
Эки аптадан бери уланып жаткан кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду. Акыркы маалыматтарга караганда, ондогон адамдын өмүрү кыйылды.