БУУ: алдыдагы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет
![БУУ: алдыдагы беш жылда абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет](https://gdb.rferl.org/00200000-0aff-0242-5d36-08dac6f9b105_w800_h450.jpg)
Парник газдарынын топтолушу жана Эль-Ниньо кубулушунан улам алдыдагы беш жылда дүйнөдө абанын ысышы рекорддук деңгээлге жетет. Бул тууралуу БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюму 17-майда тараткан маалыматта айтылат.
Эль-Ниньо — Тынч океандын борбордук жана экватордук бөлүгүндө температуранын кескин жогорулашы. Мындай кубулуш адатта ар бир эки же жети жылда кайталанат.
«Жакынкы айларда Эль-Ниньо кубулушу болору күтүлүп жатат. Мындан улам глобалдык температура кескин жогорулашы мүмкүн. Мунун саламаттык, азык-түлүк коопсуздугу, суу ресурстары жана айлана-чөйрөгө кесепети тийет. Биз даяр болушубуз керек», - деп жазылат уюм тараткан билдирүүдө.
Адатта Эль-Ниньо кубулушунан кийин бир жыл ичинде глобалдык температура жогорулайт. Бул жолу ал 2024-жылга туш келиши мүмкүн.