Кемпир-Абад иши: камактагы беш кишинин бөгөт чарасы өзгөрбөдү
Бишкек шаардык соту 2-майда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган 16 активист, саясатчы жана укук коргоочулардын айрымдарынын бөгөт чарасын карады. Активисттер Рита Карасартова, Эрлан Бекчоро уулу, Акыл Айтбаев, Илгиз Шаменов, саясатчы Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн 20-июнга чейин узарткан Биринчи Май райондук сотунун чечими өзгөртүүсүз калды. Абактагылардын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрыла турганын билдиришти. Шаршегүл Аманова... Читать дальше...