Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2023

ТИМ: 18-23 жаштагы кыздардын сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келет

0
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгарууга чектөө коюу тууралуу парламентте айтылган сунуш боюнча позициясын билдирген түшүндүрмө таратты.


18-23 жаштардагы жарандардын Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгышын чектөө Конституцияга каршы келери жана негизги адам укуктары менен эркиндигин бузуу болуп саналары белгиленген.


Министрлик чет жактагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү, Кыргызстандагы активисттер жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мындай демилгени маал-маалы менен көтөрүп жатканын, маселени талдоо үчүн эки жолу талкуу уюштурулганын маалымдады.


“Талкуулардын жыйынтыгында министрлик чет жактагы кыргыз жарандарынын арасында кылмыштуулукту азайтуу жана тышкы миграцияга байланыштуу  абалды, анын ичинде аялдардын шартын жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга сунуш даярдап жатат. Ал сунуштар аялдардын сыртка чыгуусуна кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүгө байланыштуу эмес, миграциялык коопсуздук шарттарын жакшыртуу жана чет жакта жүргөн кыз-келиндерди коргоого багытталган”, – деп айтылат билдирүүдө.


Кыздарды сыртка чыгарууга тыюу салуу сунушу парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп, коомчулукта катуу сын-талкууга кабылып келет. Буга каршы нааразылык акциялары да өткөн. Былтыр депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин трибунасынан “18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүү керек” деп айткан. Ушундай эле пикирди андан кийин депутат Надира Нарматова билдирген.


Тармактык комитеттин 29-майдагы жыйынында Атазов өз оюн эл туура эмес түшүнүп алганын, "кыздардын кайсы өлкөгө, кандай максатта бара жатканын көзөмөлдөө керек" деген ойду айткысы келгенин түшүндүргөн.


Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маселеге байланыштуу талдоо жүрүп жатканын жана жакында Министрлер кабинетине сунуш жиберилерин маалымдаган. 


Кыргызстанда мыйзам боюнча 18ге чыккан адам өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирүүгө укуктуу. (ErN)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России