Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2023

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин саясий иш деп баалады

0
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров өзүн жоопко тартуу боюнча баш прокурордун сунушу тууралуу пикирин билдирди. Ал 31-майда берген маалымат жыйынында бийликти күч менен басып алууга айыптап жатканын негизсиз деп атады.


“Өздөрү “Мадумаровго канча сунуш кылдык такыр болбой жатат” деп айтып жатышпайбы. Анан кантип эле бийликти күч менен басып алуу? Чакырса барбаган жерге мен күч колдонуп барамбы? 338-беренеде “Бийликтен аша чабуу” деп турат. Менде кайсы бийлик бар экен? Айткыла, ошону колдоноюн”, - деди ал.


Мадумаров укук коргоо органдарынын аны жоопко тартуу аракетин толугу менен саясий иш деп баалап, ар кандай кырдаалга даяр экенин билдирди.


Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.


Сунушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.


31-майдагы жыйында баш прокурордун сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Ага Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Исмаилов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирди.


Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" өзү билдирген.


Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России