Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

“Кара-Суу” базарынын ишкерлери ККМ колдонуудан бошотулат

0
Мамлекеттик салык кызматы Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотула турганын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыккан соодагерлер тарап, соодасын улантып жатышат.


Салык мыйзамдары боюнча, Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген базарлардагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей алары айтылды. Ушул тапта стратегиялык объектилерге Бишкектеги “Дордой” жана Оштогу “Тураталы эл базары” (ред: Кара-Суу) базарлары кирет.


Алар 2024-жылдын 1-январынан тартып өзгөчө режимдеги зонанын ичинде товарларды сатууда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуудан бошотулушат.


“Атайын салык режими пайда салыгын, сатуу салыгын, кошумча нарк салыгын алмаштырат жана акцизделчү жана атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарлардан тышкары  товарларды сатууга карата колдонулат”, - деп айтылат маалыматта.


Кара-Суу базарында иштеген соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышкан.


Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.


ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России