Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

УКМК Ысык-Көлдө Көлбаевге өтүп кеткен жер тилкеси үчүн төрт киши кармалганын билдирди

0
Ысык-Көлдүн жээгинде Кесиптик кошуундар федерациясынын карамагында болгон “Ала-Тоо” эс алуу жайынын жер тилкеси Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) адамдарына өтүп кеткени аныкталганын, бул үчүн төрт киши кармалганын бүгүн 29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.


Мекеменин маалыматына караганда, 2014-жылы Кесиптик кошуундар федерациясынын айрым мүчөлөрү Чолпон-Атада “Ала-Тоо” эс алуу жайынын 2,34 гектар жерин федерациянын менчигинен мыйзамсыз чыгарып, кийин бул мекемеге пайдасыз шартта Көлбаевдин адамдарына сатып жиберишкен. Кийин Көлбаевге байланышкан «Имиж Строй» компаниясы ал жерге «Каганат» комплексин курган.


“Жогорудагы кылмыштуу аракеттердин натыйжасында коомдун кызыкчылыктары, атап айтканда жумушчулардын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу укугу бузулуп, көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчыбек Асанбектин жакын адамдарына гана VIP коттеждерди куруу үчүн пайдаланылган”, - деп билдирди УКМК.


Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында 28-ноябрда төрт киши кармалды. Алар – Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун Борбордук комитетинин төрагасы, Машина куруу жана башка тармактардын жумушчуларынын кесиптик кошуунунун  республикалык комитетинин төрагасынын орун басары, Токой чарба кызматкерлеринин республикалык комитетинин төрагасы жана “Ала-Тоо” эс алуу үйүнүн мурдагы директору.


4-октябрда Камчы Көлбаев Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.


9-октябрда атайын кызмат аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (RK)




 






Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России