"Жокчулук карын эне болууга аргасыз кылды"
Cоциалдык тармактарда карын энелерди издеген жана кызматташууга чакырган жарыялар көбөйгөнүн байкоого болот. Аларга ылайык, башкаларга бала төрөп берүүгө макул болгон кыргызстандык энелер негизинен чет өлкөгө, көбүнесе Грузияга жөнөтүлүүдө. "Азаттык" кыз-келиндерди карын эне болууга түрткөн жагдайларды иликтеди.
P.S. Бул материал карын энелик кызматты айыптоону же аны жарнама кылууну көздөбөйт. "Азаттыктын" кабарчылары бул тармактагы соңку тенденцияларды гана көрсөтүп берүүнү максат кылат.