Чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар №32, 05.05.08
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев «Ар-намыс» саясый партиясынын лидери Феликс Куловду анын суранычы боюнча кабыл алды.
Жолугушуунун башында Ф.Кулов «Ак Жол» элдик партиясынын кечээги съездин ийгиликтүү өткөрүп алышы менен Президентти
куттуктады.
«Съездде жакшы сунуштар жана пландар айтылды. Ушундан улам, республиканын чакан жана орто энергетикасын өнүктүрүү боюнча менин жөндүү сунушум бар. Бул туурасында сизге жөнөтүлгөн тиешелүү катта сөз болгон», — деди Ф.Кулов.
Ф.Кулов Кыргызстандын премьер-министри болуп турганда ар кандай эл аралык инстанцияларга өлкөнүн чакан жана орто энергетикасын өнүктүрүүгө инвестиция жумшоо боюнча сунуштарын жөнөткөндүгүн билдирди. «Биз Кыргызстандагы чакан ГЭСтердин курулушуна жүз миллиондогон долларларды жумшагысы келген немис инвесторлору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Биз «канчалык начар болсо, ошончолук жакшы болот» деген принципти карманбайбыз. Андыктан, экономика, элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгы жөнүндө сөз болуп жатканда жыйынтыгы кыргызстандыктардын пайдасына багыттала турган сунуштарды киргизүүдөн баш тарткан жокпуз», — деди Ф.Кулов.
Ф.Кулов чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна немис инвестицияларын тартуунун конкреттүү жолдорун айтты.
Президент мындай сунушту колдоорун билдирип, мындай демилгелер мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга арзый тургандыгын белгиледи.
«Ак Жол» партиясынын съездинде сүйлөп жатып, мен биздин энергетикалык потенциалыбызга басым жасадым. Чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча биздин абдан чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Алардын курулушу жергиликтүү мүнөзгө ээ болуп, ири чыгымдарды талап кылбайт жана электр жарыгын үзгүлтүксүз берип турууга байланышкан бардык маселелерди реалдуу чечүүгө жардам берет. Мындан тышкары, алардын баа өлчөмү да алгылыктуу, керектөөчүлөрү да жанында», — деди К.Бакиев.
Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы өзүнүн администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө бул сунушту ишке ашыруунун планын кылдат иштеп чыгууну жана тиешелүү Жарлыктын долбоорун даярдоону тапшырды.
Д.САНЖАРБЕКОВ,