11 журналист тергөө абагына которула элек
Эки айга камакка алынган 11 журналисттин жакындарын акыйкатчы кабыл алды. Ал тапта журналисттер Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайынан тергөө абагына которулбай жатканын, азыр турган жерлериндеги шарт оор экенин айрым адвокаттар айтып чыкты.