Кара-Сууда бир үй-бүлө иске ууланып набыт болду
Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын Кызыл-Шарк айылында төрт киши көмүрдүн исине ууланып каза болду. Алардын үчөө - наристе. Орусияда мигрант болуп жүргөн үй-бүлөнүн башчысы жакындарын акыркы сапарга узатууга үлгүрбөй калды.