"Кыргызстандык жаштардын кыялы кызык экен"
Америкалык режиссер Фрэнк Чи теги тайвандык баскетболчу Жереми Лин жөнүндө тарткан даректүү тасмасы менен таанымал. Ал Бишкекте бир нече күн жаштар менен иштешип, аларды өз кыялына жетүүгө шыктандырды. Фрэнк Чи ат жалында "Азаттыкка” маек курду.