УКМК курал сатып алууда келтирилген 2,7 млн евро чыгым кайтарылганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Коргоо министрлигине курал-жарак жеткирүүдө жеке менчик компаниялардын бири министрлик менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбай жүргөнү аныкталганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Финансы министрлигинин аудиттик текшерүүсүнүн жыйынтыгында бул иштен мамлекетке 244 миллион 587 миң 870 сом (2 миллион 700 миң евро) зыян келтирилгени аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында менчик ишкана каражатты мамлекетке толугу менен кайтарып берген. Читать дальше...
