Жогорку Кеңеште Мадумаров менен Ташиев кайым айтышты
0
2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында өкмөттүк күн башталды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптады.