2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан 517 бала Кыргызстанга кайтарылды
0
2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан 517 өспүрүм жана бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияга кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынында билдирди.