Ооганстанда аба соккудан кийин бир үй-бүлөнүн 16 мүчөсү каза болду
Ооганстандын түштүгүндө 24-январда болгон аба соккудан бир үй-бүлөдөн 16 киши каза тапты. Гилменд провинциясынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Аттаулла Афгандын айтымында, аскерлер менен талиб согушкерлери ортосундагы куралдуу кармаш учурунда түшкөн бомба турак жайга тийген. Курман болгондордун арасында сегиз бала жана үч аял бар. Соккуну ооган куралдуу күчтөрү же адатта аларга абадан көмөк көрсөткөн НАТО аскерлери урганбы азырынча белгисиз. Окуяны атайын топ иликтей баштады. НАТОнун билдирүүсүндө... Читать дальше...