Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
Azattyk.org
Январь
2019

Новости за 28.01.2019

Аламан улакка чабылган поляк аттары

Azattyk.org 

Кыргызстанда аламан улакка Польшадан алынып келген аттар көп чабыла баштады. Алыстан түмөн түйшүк менен, көп акчага сатылып келген мындай аттар негизинен Чүйдө Дача-Су айылында багылат. Арасында Польшада бир катар мелдештерде байге алган "чемпион" атыккан аттардын да тукумдары бар. Европадан алынып келген, Кыргызстанда үйрөтүлгөн аттарды Тажикстандан, Ооганстандан да келип сатып алып кетишет. Дача-Суда поляк жылкыларын кунан кезинен үйрөтүп, таптап-баккан, табына келтирген, улак тартышка даярдаган саяпкерлердин бири - Кубанычбек Абдыбаетов.

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Аба ырайы: күн ачык болот “Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 29-январда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот. Читать дальше...

Улуттук госпиталдын дарыгерлери пикетке чыкты

Azattyk.org 

Улуттук госпиталдагы Көздүн биринчи микрохирургиясы госпиталында иштеген 30дай дарыгер бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Көздүн биринчи микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаеванын кызматтан алынышын талап кылып жатышат. Пикетке чыккандар менен парламент депутаты Дастан Бекешев жолукту. 2017-жылдын жайында бул бөлүмдүн ондон ашуун дарыгери Салтанат Иманбаеванын үстүнөн Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаевага арызданган. Алар Иманбаева менен иштөөгө мүмкүн болбой калганын... Читать дальше...



Албек Ибраимовдун соту 30-январга жылды

Azattyk.org 

Буга анын адвокаттарынын 28-январга белгиленген сот ишине катыша албай тургандыгы жөнүндө өтүнүч каты негиз болду.  Албек Ибраимовдун иши каралып жаткан Октябрь райондук сотунун алдына анын тарапкерлери жана жакындары да чогулушту. Алар Ибраимовго козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп баалашты. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы билдирди.  Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү 15-январда Октябрь райондук сотунда башталган. Читать дальше...

Филиппиндеги жардыруу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Azattyk.org 

Филиппиндин түштүгүндөгү ондогон кишинин өмүрүн алган кош жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобунун байланышы бар жоочулар өз мойнуна алышты.  27-январда таркатылган уюмдун билдирүүсүндө жардырууларды жанкечтилер уюштурганы айтылган. Калабада 20дай адам курман болуп, сексенге жакын киши жаракат алды. Биринчи жардыруу жекшембиде Холо шаарындагы католиктердин чиркөөсүндө диний жөрөлгө өтүп жаткан маалда болгон, окуя болгон жерге куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү барганда экинчи бомба жардырылган. Читать дальше...

Финпол: “Айкөл Ала-Тоо" кыймылынын жетекчилери коомдун акчасын кымтып алышкан

Azattyk.org 

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мурдагы жетекчиси жана анын орун басары коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам катары түшкөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышканы тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталган. Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Финполицияга "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү коомдун мурунку төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана башка башкаруучу... Читать дальше...

Президентке кайрылгандардын 45% сот жана укук коргоо органдарына байланыштуу

Azattyk.org 

Президенттин аппаратына 2018-жылы жазуу жүзүндө, коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору” аркылуу 17 827 жарандан кайрылуу түшкөн. Эң көп арыз-дооматтар жана сунуштар Бишкек шаарынын тургундарынан - 5422 (38,2%) болгон. Ошондой эле КМШ жана башка өлкөлөрдөн 485 жарандын кайрылуусу катталган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 6487 кайрылуу болуп, ал 45 пайызды түзгөн. Өкмөттүн ишине байланыштуу 3357 кайрылуу болгон. Читать дальше...

Мектеп менен майып кыздын чыры

Azattyk.org 

Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектеп майып, бирок окууга уруксат берилген 14 жаштагы өспүрүм кызды окуудан чыгарды.



Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөлүк жумушчуларды тактоодо

Azattyk.org 

Мамлекеттик миграция кызматы Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана жарандык активисттер менен кошо Чүй облусундагы ишканаларды кыдырып, анда иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат алган. Мекеме "Азаттыкка" кабарлагандай, Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдо 74 кыргызстандык, 34 кытайлык жаран эмгектенет. Ишкананын директорунун орун басары Чжэн Сюэм кытай жарандары заводдун аймагындагы жатаканада жашаарын, 2012-жылдан тартып Кытай тараптан заводдун курулушуна жана ишке киришине 60 миллиондой доллар жумшалганын билдирген. Читать дальше...

Укук коргоочу Ош мэриясынын кызматкерин сотко берди

Azattyk.org 

“Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси, укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева "кадыр-баркыма доо кетирди" деген доо менен Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Эшмурат Аматовду сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамасалиева өзү билдирди.  Укук коргоочунун айтымында, мэрия кызматкери аны “он жылдан бери чыр чыккан маселелерге аралашып, акча жасап жүрөт” деп шылдыңдап, айыптаган.  Гүлгаакы Мамасалиева Эшмурат Аматовго 65 миң сомдук доо койгон. Ал арызын Ош шаардык сотуна тапшырды. Читать дальше...

Аксыдагы Чоңтовар-Сай айылында 10 жылдан бери жарык жок

Azattyk.org 

Райондун Авлетим айыл аймагына караштуу Чоңтовар-Сай айылынын тургуну Айбек Жанчаров “Азаттыкка” айылдыктар 10 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келе жатышканын билдирди: - Авлетим айылынын борборунан 4 чакырым алыстыктагы биздин участкага он жыл мурда 50 адамга жер тилкеси берилген. Бирок ушул кезге чейин ал жакка электр энергиясы жеткирилген жок. Айылдыктар караңгылыкта жашап келатабыз. Жарык боюнча маселе көп жолу көтөрүлгөнү менен чечилбей келе жатат. Бул маселе өткөн жумада Жогорку... Читать дальше...

Азиздерге кам көргөн марафончулар

Azattyk.org 

Марафончу Нуршат Абабакиров “Максаттуу чуркоо” акциясынын алкагында чуркоо аркылуу көзү азиздерге таякча алууга каражат топтогусу келет. Акцияны көзү азиз Азат Токомбаев да колдоп, чуркай баштаган. Акциянын катышууучулары маалыматтарды социалдык тармактагы баракчаларына жүктөп, ал жактан атайын эсепке акча чогултушат. Көзү азиздер үчүн таякчалар атайын Америкадан буйрутма менен алынып келет.

Таластын 19 жаштагы тургуну асынып алды

Azattyk.org 

Анын асылып турган сөөгү Талас шаарынын Чолпон Мамбетов атындагы облустук ооруканасынын арт жагынан табылган. Окуя тууралуу күбөлөр 28-январь күнү саат 8:45тер чамасында милицияга билдиришкен. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдагандай, каза тапкан жаран шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштеп жүргөнү аныкталды. Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, окуя боюнча териштирүү иштери башталды. (AlS)

"Тергөө Бирдиктүү реестрден башталат"

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.

Төрөбаев: саясий куугунтукка кабылгандардын иши кайра каралышы зарыл

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев камакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын иши кайра каралышы керек экенин айтты. Ал бул тууралуу “Фейсбукта” партиянын баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди. - Садыр Жапаров, Өмүрбек Чиркешович Текебаев жана жалпы эле саясий куугунтукка кабылган саясий ишмерлер бар. Башкы прокурор жана башка укук коргоо органдары бул иштердин баарын жаңы ачылган жагдайдын негизинде кайрадан карап чыгып, сотко жибериши керек. Читать дальше...

Султанов: Футболду саясатка аралаштырбаш керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Футбол федерациясынын төрагасы Семетей Султанов ВВСге маек куруп, өзү, кыргыз курама командасынын Азия кубогуна ойноого жетишкени, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен туугандык байланышы, федерациянын жана кыргыз футболунун келечеги жөнүндө айтып берген. Ал федерация башчылыгынан кеткенин мурда билдиргени менен иш жүзүндө кете элек экенин да айткан:  - Мен өзүм "федерация башчылыгынан кеттим" деп айткам. Бирок күйөрмандар, курама командадагы футболчулар мени "кетпеңиз" деп суранышты. Читать дальше...

Вице-премьер Аскаров: Аймактардын дотациясын азайтыш керек

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 28-январда Талас облусунун жетекчилери менен жолугушууда аймактардын дотациясын азайтуу зарыл экенин билдирди. Аскаровдун маалыматы боюнча, Талас облусундагы 37 айыл өкмөттүн 33ү мамлекеттик бюджеттен кошумча каржыланат.  - Жалпы облус боюнча дотациянын деңгээли 33,2%, - деди ал. - Муну азайтыш үчүн облус жетекчилиги жеткиликтүү иш алып барышы керек. Бул үчүн аймакка сырттан инвестиция тартып, жергиликтүү бийлик чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Читать дальше...

Сууга түшүп кеткен кыздын сөөгүн туугандары тапты

Azattyk.org 

Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 27-январда Бишкектин Ауэзов көчөсүндө болгон. Кыздын сөөгүн 28-январда бир туугандары табышкан. Бирок куткаруучуларга ал тууралуу маалымат берилген эмес. Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп жаткан. (BTo)


Музыкальные новости
Николай Цискаридзе

Артист балета Цискаридзе заявил, что спустя 50 лет о Волочковой снимут фильм





Rss.plus
#123ru.net

Ресурсный центр на V Общероссийской конференции «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» объединил национально-культурные инициативы из разных регионов России




Конгрессмен Оглз считает, что Мишель Обаму выдвинут на пост президента США

Андрей Воробьёв анонсировал обновление около 30 социальных учреждений в Подмосковье

Покупать или продавать доллары? Людям с валютой дали совет

С 14 июня утренние торги на Мосбирже будут приостановлены




Ооган маселеси оңунан чечилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн америкалык делегация менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн катардагы сүйлөшүүсү “олуттуу прогресске” жетишкени маалым болду.

АКШ дипломаттар менен Гуайдого коркунуч келсе чара көрөрүн эскертти

Azattyk.org 

АКШ Венесуэланын президенти Николас Мадурого баш ийген күч органдары өлкөдөгү америкалык дипломаттарга же өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Улуттук ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдонун коопсуздугуна коркунуч туудурса, ага олуттуу жооп кайтарыларын эскертти.   Бул тууралуу АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон "Твиттерге" жазды. Ал Куба Мадуронун куралдуу тарапкерлерине колдоо көрсөтүп жатканын да белгиледи.  Николас Мадуро жекшембиде америкалык дипломаттардын... Читать дальше...

"Кумтөр" келишимин денонсациялоо жана кенди мамлекеттештирүү маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 28-январда "Кумтөр" келишимин денонсациялоо жана кенди мамлекетештирүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, "Элдик курултайдын" чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Мырза билдирди. Анын айтымында, талкууда былтыр ноябрдагы курултайда көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы тууралуу сөз болот. Бул ирет уюштуруучулар курултайдын мүчөлөрү иштеп чыккан "Кумтөр" алтын кен долбоору боюнча макулдашууну денонсациялоо жана кенди мамлекеттин... Читать дальше...

Жол кырсыгына кабылган Аргынбек Малабаев реанимацияда жатат

Azattyk.org 

Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, Сокулук райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, Аргынбек Малабаев түшкөн «Тойота Лэнд Крузер» автоунаасы 27-январдын кечинде Сокулук районундагы Белогорка капчыгайында жардан кулап, 38 жаштагы айдоочу каза тапкан. Машинеде айдоочудан тышкары үч киши болгон. Алардын баары Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Читать дальше...

Зыяратчыларды ташый турган авиакомпания аныкталат

Azattyk.org 

Бүгүн, 28-январда ажылык зыяратка барчуларды ташуу үчүн авиакомпаниялар арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылат.  Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, 2018-жылдын 28-декабрында зыяратчыларды ташууга Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын авиакомпанияларына сынак жарыяланган. Анын жыйынтыгы 28-январда чыгышы керек. Авиациялык ишканаларга “бир учакка 250дөн киши батышы керек, сынактан Сауд Арабиясынын авиакомпаниясы утса анын Кыргызстанда өкүлчүлүгү болсун жана адал тамак-аш менен камсыз кылсын” деген талаптар коюлган. Читать дальше...



Москва

Массовыми патриотическими акциями отметили День России на заводах АО "Желдорреммаш"


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поддержал команду кандидатов от «Единой России» на выборы в Мосгордуму



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Филипп Киркоров

«Не кричи!»: Елена Север и Филипп Киркоров представили совместный клип и трек




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Площадь пожара в здании у метро «Динамо» в Москве составляет 400 квадратов

Новороссийские шахматисты приняли участие в полуфинале турнира "Шахматные звёзды 4.0"

Росгвардейцы обеспечили безопасность болельщиков во время матча чемпионата России по регби


Марат Сафин

Дзюба заявил, что был бы теннисистом уровня Сафина



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Попурри мелодий и дух патриотизма: военный оркестр в парке «Кузьминки» отметил День России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России