Австралиянын премьер-министри президент Эрдогандын сөзүн айыптады
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон кыргындан кийинки айткан сөзүн айыптап, расмий Канберра Анкара менен алакасынын “бардык шарттарын” карап чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Мурдарак Эрдоган мусулмандарга каршы австралиялыктардын “табыты” Галлиполидеги кармашта өлгөн бабаларыныкындай мекенине жиберилерин эскерткен. Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Галлиполи жарым аралында түрктөргө каршы кармашта сегиз минден... Читать дальше...