Эрдоган Трамп менен "Patriot" ракеталык системасы жаатында сүйлөшөт
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШ мамлекет башчысы Дональд Трамп менен америкалык "Patriot" ракеталык системасын сатып алуу жаатында сүйлөшөт. Бул тууралуу Эрдоган "Reuters" агенттигине курган маегинде айтты. Түркия Орусиядан зениттик-ракеталык комплексин сатып алганына байланыштуу Анкара менен Вашингтондун мамилесинде кризис жаралган. Эрдоган бул жагдай Трамп менен өз ара түшүнүшүү аркылуу чечилет деп ишенерин билдирди. Эки лидер эмки жумада Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында жолугушары күтүлүүдө. Читать дальше...