У. Орзова: Кыргыз телевидениесине арналган өмүр(2-бөлүк)
У. Орзова: Кыргыз телевидениесине арналган өмүр(2-бөлүк)
У. Орзова: Кыргыз телевидениесине арналган өмүр(2-бөлүк)
Ош-Бишкек автожол трассасынын Маданият - Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган аймагынын курулушу ноябрь айынан тарта токтоду.
У. Орзова: ыргыз телевидениесине арналган өмүр
“Азаттыктын” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө аты аталган уйгур тектүү кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча төртүнчү шектүү кармалды. Нормахамат А. аттуу адам буга чейин кармалган үч шектүүнүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде колго түшкөнүн 15-ноябрда Түркиянын “Сабах” гезити жазды. “Ихлас” жаңылыктар агенттиги Нормахамат А. үч шектүү кармалган күнү эртеси же 12-ноябрда Сайматини өлтүрүүдө колдонулган курал менен кошо колго түшкөнүн кабарлады. Агенттиктин маалыматына ылайык... Читать дальше...
Кыргызстанда буга чейин убада кылынган бир катар улуттук долбоорлордун башы азыркыга чейин ачылбай турат.
Күйүүчү майдын баасын көтөрүү жана бензин сатууга чектөө киргизүү тууралуу өкмөт чечимине каршы болуп, акцияга чыккандардын бири өлгөн, дагы бир нече адам жараат алган. Сиржан аймагынын губернатору ал адам белгисиз кырдаалда киши колдуу болгонун маалымдады. Айрым расмий маалыматтарда демонстранттар Сиржанда мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок коопсуздук кызматкерлери тарабынан ага жол берилбегени айтылган. Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын Сиржан... Читать дальше...
Адилет министрлигинен октябрда кайра каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында аялдар менен иштөө багыты толук камтылбай калды.
Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалы жыйынтыкталды. Анда "Азаттык+" жаштар берүүсүнүн алып баруучусу, жаш журналист Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы эң мыкты улуттук тасма деген наамды жеңип алды. “Азаттыктын” дагы бир журналисти Санжар Эралиевдин “Дарт тооруган балалык” аттуу тасмасы жаш калыстардын мыкты деген баасына татыды.
13-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан казакстандык укук коргоочу Дулат Агадил 15-ноябрда Башкы прокуратуранын алдына келген жеринен кайра камакка алынды. Активист өзүнүн мыйзамсыз камалганына каршылык билдирүү үчүн качканын журналисттерге айтууга үлгүрдү. «Тергөө абагынан качканым чын. Бирок мени беш айдын ичинде беш жолу камашты. Жогорку сот, Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратура доо арыздарыма көңүл бурган жок. Менимче ал арыздар тергөө абагынан ары чыкпашы мүмкүн. Укугум тебеленди. Эч кандай... Читать дальше...
Мектепке ата-энелерден акча чогултуу, Камкордук кеңештери аркылуу каржылык колдоо көрсөтүү зарылбы?
Кыргызстанда 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10; Талас дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында 17-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Читать дальше...
Парламентте саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин чечимин аткарбаганы үчүн чара көрүү маселеси көтөрүлдү.
Ооган прокурорлор 16-ноябрда Баграм аэродромуна бараткан жерде белгисиз бирөө аткылаган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жамшид Расулинин маалыматы боюнча, экөө тең жараат алган. Расулинин айтуусунда, прокурорлор Анас Хаккани баш болгон талибдердин төбөлдөрү кармалып турган түрмөгө бараткан. Анас Хаккани согушкерлердин лидери Сиражиддин Хакканинин бир тууганы. Анас Хаккани дагы эки талиб менен кошо 15-ноябрда туткундагы АКШ жана Австралия жарандарына алмаштырылууга тийиш болчу. Бирок... Читать дальше...
Адилет министрлигинен каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында аялдар менен иштөө багыты камтылбай калды. Сиз муфтиятта (казыяттарда) аялдар бөлүмүн ачууну колдойсузбу?
Мектептерге ата-энелердин каржылык колдоо көрсөтүшүн колдойсузбу?
Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдук менен чогуу Гонконгодогу кыргызстандык жарандарга жардам берүүнү улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, 16-ноябрь күнү Кыргызстандын Гуанчжоудагы башкы консулу Искендер Орусбаев кыргызстандык алты студент менен жолугушту. Маалыматта алар коопсуз жайда, эч кандай арыз-дооматы жок экени айтылат. Башкы консул мындан тышкары кыргызстандык студенттер жайгашкан мейманканаларды кыдырып, алардын абалы менен таанышып чыкты. Читать дальше...
АКШ жана Украинадагы Пен-клубу жазуучулардын эл аралык күнүн "Азаттыктын" украин кызматы менен кызматташып жүргөн журналист Станислав Асеевге арнашты. Буга байланыштуу Орусиянын Нью-Йорктогу консулдугунун жанында аталган борбордун жана украин-америкалык "Разом" укук коргоо кыймылынын активисттери митингге чыкты. Жыйынга "Эркин Европа/Азаттык радиосунун" мурдагы президенти Том Кент, жазуучу Гари Штейнгарт жана башка активисттер катышты. Киевдеги иш-чарага "Украин жумалыгы" гезитинин редакциясы... Читать дальше...
Орусиялык жаран Мексиканын чек арасынан АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганы кабарланууда. Окуя 14-ноябрда Аризона штатында болгон. Чек ара кызматы 16-ноябрда тараткан маалыматка ылайык, АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран чек арачыларга каршылык көрсөткөн. Орусиянын Техастагы консулдугунун маалыматына караганда, орус жаранынын аты-жөнү Евгений Глущенко. ТАСС Аризона штатынын бийлигине таянып билдиргендей, 37 жаштагы Глущенко 2018-жылдын сентябрынан бери штаттагы алдын ала камоочу жайда кармалып турган. Читать дальше...
Балдарына дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери аларга ай сайын төлөнө турган жөлөк пулдун өмүр бою төлөнүшүн талап кылышууда. Мурдараак мындай балдарга бир жолу жүз миң сом төлөп берүү боюнча демилге да көтөрүлүп, бирок өкмөттөн колдоо тапкан эмес.
Эл аралык фонддун каражаты Кыргызстандагы токойлорду жана жайыттарды бузулуп кетүүдөн сактоо максатында бөлүнүп жатканын БУУнун Азык-түлүк фонду сайтына жарыялады. Аталган фонддун Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басары Динара Рахманованын белгилеши боюнча, Кыргызстан тоолуу аймак, климатынын кургактыгынан улам жаратылыш ресурстары чектелүү. Буга климаттык өзгөрүүлөр да терс таасирин тийгизүүдө. Кыргызстан деңизге чыгуучу жолу жок, бийик тоолуу аймак. Айыл чарба багытындагы жерлердин 40% ашууну деградациядан жабыркаган. Читать дальше...
17-ноябрь - жол кырсыгынан набыт болгондорду эскерүү күнүнө карата Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эскерүү иш-чарасын өткөрдү. Ага студенттер жана мектеп окуучулары катышты. 17-ноябрда саат 10:00дө жолдордогу автоунаалар бир мүнөткө токтотулду. Мындан тышкары жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын стационардык бекеттериндеги мамлекеттик желектер төмөн түшүрүлдү. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык... Читать дальше...
Бишкекте «БОРЩ PARTY» деп аталган иш-чара өтүп жатат. Андан түшкөн бардык каражат Кыргызстандагы гематологиялык ооруга чалдыккан балдардын дары-дармегине сарпталат. Иш-чарада Бишкектеги үч белгилүү ашпозчу кайнаткан шорпону коноктор ичип көрүп, эң даамдуусуна баа берет. Мындан тышкары азык-түлүк жана башка кол өнөрчүлүк товарларынын жармаңкеси уюштурулган. Кайрымдуулук акциясы «Help the children - SKD» кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулууда.(ZKo)
Сокулук районундагы үйүнөн 20-августта чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 16 жаштагы Эржигит Алтынбек уулу табылды. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал ушуга чейин Кемин районундагы Чоң-Кемин айылында досунун үйүндө жашап жүргөн. Өспүрүм ата-энесинин колуна тапшырылды. Милициянын маалыматы боюнча, ал мурда да бир нече жолу үйүнөн кетип жүргөн.(ZKo)
Офицерлер Ооганстандагы аскер кылмыштарына айыпталган. 15-ноябрда Дональд Трамп ВМС SEAL аскер бөлүгүнүн командирине да аскер чинин кайтарып берди. Ал Иракта экстремисттик ИМ тобунун мүчөсүнүн сөөгүнүн жанында сүрөткө түшүп, жарыялаганы үчүн кызматынан төмөндөтүлгөн. The Washington Post басылмасы Пентагондун лидерлери президенттин кийлигишүүсү аскердеги тартипке жана моралдык маанайга терс таасирин тийгизиши ыктымалдыгын айтып, чочулап жатканын жазып чыкты. The Post жана The New York Times... Читать дальше...
Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттатуу жана бензин сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечиминен соң, Ирандын бир катар аймактарында эл нааразылык билдирип чыкты. IRNA агенттигинин маалымдашынча, толкундоо Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларда болуп өттү. Мешхед шаарында чоң жолдо айдоочулар автоунааларын токтотуп коюп, нааразылык билдиришкен. Ал эми Сиржанда толкуган эл аймактагы мунай заводун өрттөөгө аракет кылган, бирок заводдун коопсуздук кызматы буга жол берген эмес. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости