КСДПнын мүчөсү Финполго суракка чакырылды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы) суракка чакырылды.
Партиянын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын билдиришинче, чакыруу бүгүн саат 15:00гө берилген.
Финполиция партиянын мүчөсүн быйыл апрелде да суракка чакырган. Анда бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши сурак берип чыгышкан. Өзү муну “саясий буюртма” деп атап, “Дан” мамлекеттик мекемесин жетектеп турган учуруна байланыштуу мурда козголгон кылмыш ишти Финпол жандантканын билдирген.
Финполиция Кылычов күбө катары суралып жатканын билдирди.
3-июлда Атамбаевдин тарапташтары Бишкекте митинг өткөрүп, бийликке бир нече талап коюшкан. (КЕ)