Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
Azattyk.org
Июль
2019

Новости за 04.07.2019

Экс-спикерлер кырдаалды курчутпоого чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттин мурдагы он бир төрагасынан турган Спикерлер кеңеши өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мыйзамды сыйлоого, мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпоого чакырык ташталган.

Могерини ЕБ менен Борбор Азиянын мамилеси тууралуу пикирин айтты

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен чогуу билдирүү жасашты. Алар Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилесинин келечеги тууралуу пикирин айтышты. 4-июлда чыккан билдирүү жылдык «Евробиримдик – Борбор Азия» форматындагы жолугушуунун алдында жарыяланды. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги бул жолугушуу 6-7-июлда Бишкекте өтөт. Биргелешкен билдирүүдө « ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык... Читать дальше...



Мурдагы 11 спикер укуктук-демократиялык коом курууга чакырышты

Azattyk.org 

Кыргызстанда мурдагы спикерлердин кеңеши бүгүн, 4-июлда өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган.  Билдирүүдө азыркы саясий абал коомчулукта тынчсыздануу жаратып жатканы, анын башкы себептеринин бири коррупцияга каршы күрөш экени айтылат. Читать дальше...

Ош: ит капкан жети киши ооруканада

Azattyk.org 

Араван районунда жети киши "кутурган ит тиштеп алган" деген шек менен ооруканага жаткырылды. Он күн мурда аймакта кутурма боюнча дагы бир учур катталган. Буга байланыштуу райондо кутурма оорусун чектөө боюнча штаб түзүлдү.

Грузияда эл жаштарды ээрчиди

Azattyk.org 

Ирандын президенти өзөктүк келишимге кол койгон өнөктөш өлкөлөргө эскертүү жасады. Грузиянын баш калаасы Тбилисиде эки жумадан бери өкмөткө каршы нааразылык акциялар токтой элек. Өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу элди аттуу-баштуу саясатчылар эмес, жарандык коомдун өкүлдөрү баштап чыгышты. Минскиде эгемендик майрамында салют атылып жатканда бир аял каза болуп, бери дегенде сегиз киши жабыркады.

Күтүүсүз кырсык бир үй-бүлөнү күйүткө салды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү менен сууга агып, мерт болушу өлкөдөгү жол коопсуздугу маселесин дагы көтөрдү.

Роухани: Иран уранды каалагандай байыта берет

Azattyk.org 

Президент Хасан Роухани Иран уранды байытууга киргизилген чектөөлөрдү сактабай турганын билдирди. Бул чектөөлөр тиешелүү эл аралык макулдашуулар менен киргизилген болчу. Ирандын лидери АКШны өзөктүк макулдашууну кайрадан таанууга чакырды. Бул макулдашуунун алкагында Тегеран уранды байытууну токтото турууга убада берген болчу. Роуханинин айтымында, Иран уранды каалаган чекте көбөйтө берет. Бирок Вашингтон менен макулдашууга жетишсе, «бир сааттын ичинде токтото турганын», ошондуктан эл аралык коомчулук тынчсызданбай эле койсо болоорун айтты. Читать дальше...



КП Атамбаевдин тарапкерлеринин кайрылуусун өндүрүшкө ала элек

Azattyk.org 

Конституциялык палата Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрү, депутаттар Ирина Карамушкина, Карамат Орозова жана Асел Кодуранованын кайрылуусун өндүрүшкө ала элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” палатанын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эл өкүлдөрүнүн кайрылуусу Конституциялык палатага келип түшкөн жана каттоого алынган. Соттордун коллегиясына жөнөтүлгөн. Азырынча кайрылууну өндүрүшкө алуу же баш тартуу боюнча Конституциялык палата чечим чыгара элек. Аты аталган депутаттар баштаган... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы жаратман агай

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жашаган программист агай Зиодхан Атаходжаев элеттеги элге үйдө отуруп, каалаган багытта иш алып барууга үндөп келет. Ал дүйнөдө популярдуу болуп бараткан программалоонун питон тилин кыргызчага которуп, китеп кылып чыгарып, мектеп окуучуларына үйрөтүп келет.

Кытай кысымы: Гонконг жана мусулмандар

Azattyk.org 

Эркиндикти баалаган Гонконг эли. Кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы жүрүшкө чыккандар эки миллионго жетти. Кытайдагы кайра тарбиялоо лагерлери. Укук коргоо уюмдары Шиңжаңдагы мусулмандар, анын ичинде кыргыздар дале азаптан арыла электигин билдирип келишет.

АКШда бут кийимдин айынан чуу чыкты

Azattyk.org 

Дүйнөгө спорт кийимдери менен таанымал "Найк" фирмасы АКШнын желегинин алгачкы үлгүсүнүн сүрөтү түшүрүлгөн бут кийимдерди сатыкка чыгарбай калды.

Өзбекстандагы «башкы прокурорлор парады»

Azattyk.org 

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин буйругу менен кызматтан бошотулуп, кылмыш иши боюнча камакка алынган мурунку башкы прокурор Отабек Муродов үй камагына чыгарылды.

Калыйбек Элтуйбасов АКШдан баш калка алды

Azattyk.org 

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иште аты аталып келген Калыйбек Элтуйбасов (Салянов) жана анын үй-бүлөсү АКШдан баш калка алды. Муну анын Кыргызстандагы туугандары «Азаттыкка» ырасташты. Биздин колубузга тийген документтерге караганда, АКШнын Иммиграциялык соту аны «куугунтук курмандыгы» деп тапкан. АКШнын ачык булактарынан алынган маалыматка караганда, Элтуйбасовдун өтүнүчүн Миссури штатынын соту караган. «Сот кайрылган адамдын саясий көз карашына байланыштуу ал келечекте... Читать дальше...

Иликтөө: Австриянын банктарында Назарбаеванын эсептери бар

Azattyk.org 

Казакстандын экс-президентинин улуу кызы Дарига Назарбаева 2000-жылдан бери австриялык банктарда ачылган эсептерди колдонуп келатат. Бул тууралуу «Евразия демократиялык демилгеси» эл аралык уюму (Eurasia Democracy Initiative, EDI) билдирди. Аталган уюм мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдөгү өткөөл процесстерди изилдейт. Бул эсептердин бир бөлүгү Назарбаевага таандык, калганын Дарига мурдагы күйөөсү Рахат Алиев менен чогуу колдонгон. Австриялык тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул эсептер аркылуу миллиондогон доллар өткөн. Читать дальше...

Жээнбеков баткендиктерди чагымчылыкка алдырбоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен 4-июлда жолуккан учурда аларды ар кандай чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчы чек ара маселеси боюнча сүйлөп жатып билдирди. - Чек аранын бекем болушу ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй - бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз, - деди Жээнбеков. Ал чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин... Читать дальше...

Орусиянын президенти Владимир Путин Римде жүрөт

Azattyk.org 

4-июлда Путин Италиянын президенти Сержо Маттарелла жана премьер-министри Жузеппе Конте менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Орусиянын лидери НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон Италия менен экономикалык байланышты бекемдөөгө умтулуп жатат. Ошондой эле Путин Ватиканда Рим папасы менен жолугушат. ТАСС агенттигиндеги маегинде Жузеппе Конте буларды айтты: - Мени былтыр октябрда Москвада абдан жылуу тосуп алышкан. Ошол меймандостук үчүн жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Эки тараптуу мамилелерди жана аларды жакшыртуунун жолдорун талкуулайбыз. Читать дальше...

Жалал-Абаддын мэри шаар тургунун сабап койгону кабарланды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгону» тууралуу маалыматты милиция иликтей баштады.    Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган адам окуя тууралуу оозеки айткан, арыз жазган жок.  Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы буга кийинчерээк комментарий берилерин билдирди. Читать дальше...

Путин: саясаттан кетүү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин италиялык «Corriere della Sera» гезитиндеги маегинде «2024-жылы саясаттан кетесизби?» деген суроого жооп берген жок. Беш жылдан кийин Путиндин президенттик мөөнөтү бүтөт. «Азырынча бул тууралуу сөз кылуу эрте. Ушул тапта президенттик кызматта жасачу иштер көп», - деп айтты Путин. Буга чейин Путин мураскору тууралуу 2000-жылдан бери ойлонуп келатканын мойнуна алган. Бирок, президенттин айтымында, Орусия – демократиялык өлкө. «Ошондуктан мураскорумду шайлоонун жыйынтыктары гана аныктайт», - деген Путин. Читать дальше...


Музыкальные новости
Тимати

Мама Тимати рассказала, как относится к нынешней девушке рэпера





Rss.plus
Спартак

Мозес покинет «Спартак» по окончании сезона




Sohu: Пекин удивлен первым действием Путина по возвращению из Китая

Команды ENERGY вышли на старт ЗАБЕГ.РФ в шести городах России

Пасхальный фестиваль колокольного звона прошел в Коломне

Во владимирской школе установили мемориальную доску погибшему на СВО выпускнику




Гибралтар: Сирияга чийки мунай ташып бараткан танкер кармалды

Azattyk.org 

Гибралтардын бийлиги Евробиримдиктин санкцияларын бузуп, Сирияга чийки мунай ташып баратат деген шек менен «Grace 1» аттуу танкер кармалганын билдирди. Танкер Панаманын желеги алдында бараткан. Кеме мунайды Сириядагы «Баниас» аттуу мунай иштетүүчү заводго жеткирип бараткан деп шек саналып жатат. Бул заводго Европа Биримдиги жана АКШ санкция киргизген. «Reuters» өз булактарына таянып кабарлагандай, мунай Ирандан жиберилген болушу мүмкүн. «Grace 1» - бул сингапурдук компания башкарган, салмагы 300 миң тоннага жеткен... Читать дальше...

Шойгу: суу алдындагы кемеде өрт аккумулятордук жерпайда чыккан

Azattyk.org 

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 4-июлда президент Владимир Путинге суу алдындагы кемедеги 14 деңизчинин өмүрүн алган өрт аккумулятордук жерпайда чыкканын айтты: - Кырсыктын негизги себеби аныкталды – өрт аккумулятордук жерпайда чыгып, андан ары жайылып кеткен.  Шойгу өрт чыккан кеме калыбына келтириле турганын кошумчалады: - Суу алдындагы кемени калыбына келтирүү мөөнөтүн, бул жумуштардын көлөмүн баалаш үчүн конструкторлор тартылды. Баштапкы баалоо боюнча ремонт жасаса болот. Биздин учурда ... Читать дальше...

Тбилисиде демонстранттардын митинги уланууда

Azattyk.org 

Грузиянын баш калаасы Тбилисиде демонстранттар ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин талап кылышууда. Демонстранттар 20-июндагы митингде күч колдонулганын катуу айыптап жатышат. Ошол күнү Орусиянын саясий таасирине нааразы болуп чыккандарды полиция желим ок менен аткан. Митингге чыккандар парламенттин имаратына чабуул койгондо полиция күч колдонуп, 240 адам жабыркаган. Митингдер эки жумадан бери күндө уланып жатат. Уюштуруучулар митингдин тактикасын өзгөртөрүн билдиришти. Оппозициянын... Читать дальше...

5-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

5-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 30...35, Нарын аймагында түнкүсүн 7...12, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9..14... Читать дальше...

Швейцария Каримованын эсебиндеги акчаны Өзбекстанга кайтарууну токтотту

Azattyk.org 

Швейцария бийлиги Гүлнара Каримованын эсебиндеги миллиондогон долларды Өзбекстанга кайтарууну токтотту. Маркум президент Ислам Каримовдун кызынын банк эсептери 2015-жылы АКШ жана Европада ага каршы коррупция боюнча кылмыш иштери козголгондон кийин камакка алынган. Тергөөчүлөр Каримова Өзбекстанда иштегиси келген телекоммуникациялык компаниялардан 1 миллиард доллар пара алган дешет. Ал акча офшордук фирмалар аркылуу чет өлкөлөргө чыгарылган. 555 миллион долларга жакын акча Швейцарияда табылган.... Читать дальше...

КСДПнын мүчөсү Финполго суракка чакырылды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Алга Кылычов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы) суракка чакырылды. Партиянын расмий өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын билдиришинче, чакыруу бүгүн саат 15:00гө берилген. Финполиция партиянын мүчөсүн быйыл апрелде да суракка чакырган. Анда бул иш боюнча Кылычовдун юристи, орун басары болуп төрт киши сурак берип чыгышкан. Өзү муну “саясий буюртма” деп атап, “Дан” мамлекеттик... Читать дальше...



Москва

Своя земля: как получить гектар на территории России


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На ВДНХ открылась экспозиция об истории цифровизации Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Мари Краймбрери

Яна Рудковская, Филипп Киркоров, Ксения Собчак, Мари Краймбрери и другие гости торжественного ужина в честь сотрудничества Димы Билана с парфюмерным брендом




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

В полуфинале конкурса «Это у нас семейное» в ЦФО победили 74 семьи

Бились лопатами, палками и бейсбольными битами: Мигранты устроили массовую драку в Новой Москве


Вера Звонарёва

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Карди Би

Карди Би в боди с металлическими сосками снялась для обложки глянца



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России