Жалал-Абаддын мэри шаар тургунун сабап койгону кабарланды
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев калаанын бир тургунун «сабап койгону» тууралуу маалыматты милиция иликтей баштады.
Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жабыркаган адам окуя тууралуу оозеки айткан, арыз жазган жок.
Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 3-июлда факт катары катталып, Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүү жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы буга кийинчерээк комментарий берилерин билдирди. Баштапкы кабарларга ылайык, мэр шаар тургунун мончодо сабап койгон.
Мураталы Тагаев Жалал-Абад шаарына 2018-жылдын 11-июнунда мэр болгон. (RsK\SE)