Путин: саясаттан кетүү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте
Орусиянын президенти Владимир Путин италиялык «Corriere della Sera» гезитиндеги маегинде «2024-жылы саясаттан кетесизби?» деген суроого жооп берген жок. Беш жылдан кийин Путиндин президенттик мөөнөтү бүтөт. «Азырынча бул тууралуу сөз кылуу эрте. Ушул тапта президенттик кызматта жасачу иштер көп», - деп айтты Путин.
Буга чейин Путин мураскору тууралуу 2000-жылдан бери ойлонуп келатканын мойнуна алган. Бирок, президенттин айтымында, Орусия – демократиялык өлкө. «Ошондуктан мураскорумду шайлоонун жыйынтыктары гана аныктайт», - деген Путин.
2018-жылы ноябрда «Ыйгарым укуктарыңыз бүткөндөн кийин өлкөнү кандай элестетесиз?» - деген суроого Путин: «Мынчалык эмнеге шашып жатасыңар? Мен азырынча эч жакка кеткен жокмун», - деп жооп кайтарган.
Путин экинчи жолу алты жылдык мөөнөткө былтыр шайланган. Анын президенттик ыйгарым укуктары 2024-жылы бүтөт. Орусиянын Конституциясына ылайык, үчүнчү мөөнөткө шайлана албайт.