Роухани: Иран уранды каалагандай байыта берет
Президент Хасан Роухани Иран уранды байытууга киргизилген чектөөлөрдү сактабай турганын билдирди. Бул чектөөлөр тиешелүү эл аралык макулдашуулар менен киргизилген болчу. Ирандын лидери АКШны өзөктүк макулдашууну кайрадан таанууга чакырды. Бул макулдашуунун алкагында Тегеран уранды байытууну токтото турууга убада берген болчу.
Роуханинин айтымында, Иран уранды каалаган чекте көбөйтө берет. Бирок Вашингтон менен макулдашууга жетишсе, «бир сааттын ичинде токтото турганын», ошондуктан эл аралык коомчулук тынчсызданбай эле койсо болоорун айтты.
Байытылган уран Иранда энергия өндүргөн өзөктүк реактордо отун катары пайдаланылат. Ошондой эле ал өзөктүк курал жасоодо колдонулат.
Иран өзөктүк курал жасоону көздөйт деген Батыш өлкөлөрүнүн шектенүүсүн Тегеран такай четке кагып келет. Урандын деңгээлин жарандык максатта 3,67% чейин байытууга уруксат берилет.