Ош: ит капкан жети киши ооруканада
![Ош: ит капкан жети киши ооруканада](https://gdb.rferl.org/18CEDD3A-BA0F-4F64-86D3-651CCB93E9B9_w800_h450.jpg)
Араван районунда жети киши "кутурган ит тиштеп алган" деген шек менен ооруканага жаткырылды. Он күн мурда аймакта кутурма боюнча дагы бир учур катталган. Буга байланыштуу райондо кутурма оорусун чектөө боюнча штаб түзүлдү.