ЕККУ Кадамжай милициясына көчмө кабылдама унаасын тапшырды
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) пилоттук долбоорунун алкагында Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө көчмө кабылдама унаасы тапшырылды.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, көчмө кабылдаманын милдети - милиция менен элдин, айрыкча алыскы айылдардын байланышын жакшыртуу, тургундардын арыз-сунуштарын кабыл алуу.
Айыл жерине барып, калктын кайрылууларын кабыл алууга атайын шаймандар менен жабдылган унаа буга чейин Лейлек жана Баткен райондору менен Кызыл-Кыя шаарына да берилген.
Жыл башынан бери 83 жолу алыскы айыл-кыштактарга чыгып, жалпысынан 301 тургунду кабыл алышкан. (JsA)