ЖККУдан баш тарткан Арменияда митингдер башталды
Арменияда премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган акция өтүүдө. Уюштуруучулар анын Азербайжан менен чек ара боюнча келишимине каршы экенин айтууда. Бирок талдоочулар бул акция Пашинян Орусия жетектеген ЖККУ уюмунан чыгып жатканын айткандан кийин башталганына көңүл бурууда.