Бишкекте маршруттук такси каттамы жанданды
![Бишкекте маршруттук такси каттамы жанданды](https://gdb.rferl.org/326D5379-7625-4870-95CC-ED6927492B38_w800_h450.jpg)
4-апрель күнү борбор калаадагы маршруттук унаалардын баары каттамдарга кайтышты.
“Лига авто” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бешболуш Матисаковдун “Азаттыкка” билдиришинче, айдоочулар милдеттүү түрдө камсыздандыруу кагазын текшерүүнү бир айга чейин токтото турууну, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Бишкек шаар мэриясынын өтүнүшкөн:
- Милдеттүү камсыздандырууну толук алганга бир ай сурашты, көпчүлүгү мурда эле алган, ала электер да бар экен. Ал эми маршруттук унаалардын эрежеси боюнча айдоочу жүргүнчүлөрдү аялдамадан отургузуп, алардын каалоосу боюнча түшүрүүгө тийиш. Бул эрежени көбүнчө жүргүнчүлөр өздөрү бузат. Каалаган жерден отургусу келет, каалаган жерден түшкүсү келет. Мэрия биздин бул өтүнүчтөрдү түшүнүү менен кабыл алып жатат, аларга ыраазыбыз.
Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айыппулду азайтуу жана тарифти көтөрүү талабы менен 2-апрелде иш таштаган. Баш калаада бирин-экин гана маршруттук таксилер жүрүп, автобус-троллейбустар гана иштегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйдү. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болду.
Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотуларын билдирген. Өкмөт башчы Сапар Исаков айдоочуларды иш таштоого мажбурлаган - тармактагы коррупция экенин белгилеп, аны тыюуну Транспорт жана жол министрлигинен, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан талап кылган. Коррупция тууралуу маалыматтарды иликтөөнү УКМКга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тапшырган.