Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 22.04.2018

Өкмөттөн ким кетти да, ким ордун сактап калды?

Пресс.kg 

20-апрелде Жогорку Кеңеш жаңы өкмөттүн курамын жана программасын карады. Жыйынга 115 депутат катталып, өкмөттүн курамы менен «Биримдик, ишеним, жаратмандык» деп аталган программасын бир добуштан колдоду. Айта кетсек, кечээ, 19-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирген. http://www.super.kg/kabar/news/228981/

Зариф: АКШ келишимден чыкса, ядролук программабызды кайра жандантабыз

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимден чыгып кетсе, Тегеран атомдук программасын “мурдагыдан ыкчам өнүктүрөт” деп эскертти. Бул тууралуу министр 22-апрелде америкалык CBS телеканалындагы маекте айтты. Ушул тапта БУУнун жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркто жүргөн Зариф дагы бир комментарийинде Иран ядролук бомба жасоого умтулбасын белгилеген. Бирок Вашингтон ал келишимден чыгаарын расмий жарыяласа, Тегеран байытылган уран чыгарууга кайра киришет деп кошумчалады. Читать дальше...

Чыңгыз Айтматовдун алкышы

Пресс.kg 

Талас өрөөнүнүн баш жагынан орун алган, боз үйдүн керегеси сымал тегерек, айланасы текши тоолор менен курчалган, үч өзөндү бириктирген Үч-Эмчек деген айыл бар. Аталган айылдын тегереги тоолор менен курчалгандыктан, “Тегерек” деп да коюшат. Кышта жылуу, жайда салкын. Арылдаган шамалы да жок, көздүн жоосун алган керемет жер. Үч-Эмчек колхозу 1928-жылы уюшулуптур. Үч колхоздон турган экен: “Өрнөк”, […]



Кабулдагы жардыруудан кеминде 57 киши өлдү

Azattyk.org 

Кабулда шайлоочуларды каттоо борборунда жанкечтинин жардыруусунан бери дегенде 57 киши набыт болду, 119га жакыны жараланды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нажиб Данештин айтымында, бомба парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин алууга кишилер кезекте турган жерде жарылган. Өлгөндөрдүн арасында 21 аял жана беш бала бар. “Ислам мамлекети" экстремист уюму шииттер үстөмдүк кылган райондогу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ооган президенти Ашраф Гани жардырууну айыптап... Читать дальше...

“Азаттыктын” кабарчылары “Умтулуу” сыйлыгын алышты

Azattyk.org 

“Интерньюстун” кесипкөй журналисттер арасында өткөрүлгөн “Умтулуу” аттуу улуттук сынагынын алкагында “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаевге атайын диплом жана Адилет Бектурсуновго калыстардын атайын сыйлыгы ыйгарылды. Сыйлыктар бүгүн Бишкек шаарында өткөн “Медиа топтоо” форумунда тапшырылды. Эгизбаев “Журналисттик иликтөө”, Бектурсунов “Атайын репортаж” номинациялары боюнча сынакка катышкан. “Медиа топтоо: өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу индустриалдык форум борбордо эки күн болду. Жыйын... Читать дальше...

Дагестанда тогуз согушкер жок кылынды

Azattyk.org 

Дагестанда полиция май майрамдарында теракт уюштурууну пландаган деп шектелген тогуз кишини атып өлтүрдү. Орусиянын терроризмге каршы комитети кабарлагандай, жоочулар жумурияттын экинчи чоң шаары Дербентте жашырынганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерде эки шектүү топ табылган. Алар колго түшүүдөн баш тарткандан кийин полиция ок ачты. Дагестанда акыркы жылдары болгон бир нече кандуу кол салуу үчүн күч түзүмдөрү “Ислам мамлекети" радикал тобун айыптап келатышат. 21-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук... Читать дальше...

Армения бийлиги митингде депутаттар кармалганын ырастады

Azattyk.org 

Армениянын Башкы прокуратурасы жекшемби күнкү митингдер маалында кармалгандардын арасында оппозициялык депутаттар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да кармалганын ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы эл өкүлдөрү полициянын талабына баш ийбей, мыйзамсыз акция уюштурууга айыпталып жатканын билдирди. Эгер прокуратура кармалгандарга 72 сааттын ичинде айып койсо, депутаттарды камакка алуу үчүн аларды мандатынан ажыратуу боюнча маселени парламент атайын жыйында карайт. Жекшембиде Ереванда... Читать дальше...

Тегеран шаарынын экс-прокурору камакка алынды

Azattyk.org 

Тегеран шаарынын мурдагы прокурору камакка алынганы маалымдалууда. "Mizanonline" агенттигинин кабарлашынча, Саид Мортазави өткөн ноябрда эки жылга эркинен ажыратылган. Экс-прокурор 2009-жылы өкмөткө каршы демонстрациялар маалында кармалган кишинин түрмөдө каза табышына байланыштуу айыпталган. Өткөн аптада юстиция тармагынын өкүлү Голямхосейин Мохсен-Эжеи экс-прокурор Мортазавини кармоо ордери чыкканы менен, аны колго түшүрүү мүмкүн болбой жатканын билдирген. Мортазавинин жубайы жана адвокаты ал дайынсыз болуп жатканын четке кагып... Читать дальше...



АКШ: Барбара Буштун сөөгү Хьюстондо жерге берилди

Azattyk.org 

Хьюстондо Барбара Бушту акыркы сапарга узатуу зыйнатына экс-президенттер Жорж Буш, анын уулу, Билл Клинтон жана Барак Обама катышты. Маркумду узатуу зыйнатында АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жана Пентагондун мурдагы жетекчиси Роберт Гейтс да болду. Барбара Буш менен коштошууга Дональд Трамптын жубайы Меланья Трамп келди. АКШнын мурдагы биринчи айымы Барбара Буш 92 жашында 17-апрелде көз жумган. Барбара Буш - 1989-1993-жылдары өлкө башында турган Американын 41-президенти Жорж... Читать дальше...

Ереванда кармалгандардын саны элүүгө жетти

Azattyk.org 

Ереванда экс-президент Серж Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы жүрүш учурунда полиция 49 адамды кармап кетти. Алардын арасында оппозиция лидерлери Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян да бар. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады. Оппозициялык депутат Мирзояндын аялы Гоар Абаджяндын айтымында, кармалгандар Шенгавит полиция бөлүмүнө жеткирилди. Бүгүн демонстранттар нааразылык акцияны улантып, Еревандын административдик Еребуни районуна кирип келишкен. Полиция аларды таркатууга аракет кылып... Читать дальше...

Кабулда террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны отуздан ашты

Azattyk.org 

Ооганстандын борбору Кабулдагы жардыруудан кеминде 31 адам мүрт кетип, элүүгө жакыны жараат алды. Жанкечти бомбаны Кабулдун борборунда жардырганын Ооганстандын Ички иштер министрлиги маалымдады. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу алды. Жанкечти каттоо борборунда паспорт алууга кезекте турган адамдарды бутага алган. Жардыруу шииттер көп жашаган Кабулдун батыш районунда болду. Октябрда өтчү шайлоого карата 14-апрелде Ооганстанда добуш берүүчүлөрдү каттоо башталган эле. Читать дальше...

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

23-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29, Талас облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 24...29, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21 Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18....23... Читать дальше...

Антонина Шевченко тай бокс боюнча чемпиондугун коргоп калды

Azattyk.org 

Кыргызстандык Антонина Шевченко тай бокстун Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Бул тууралуу Flocombat порталы кабарлады. 21-апрелде АКШнын Коннектикут штатында эл аралык турнир өттү. Программа боюнча профессионалдар арасында 11 беттеш болду. Башкы беттеште Антонина Шевченко австралиялык Клэр Бакстер менен кармашып, калыстар бир добуштан кыргызстандыкты жеңүүчү деп табышты. Шевченко ушуну менен 12-жолу дүйнө чемпиону болду. Ал Lion Fight версиясы боюнча алгач 2016-жылы дүйнө биринчиси болгон.

Будапештте премьер-министрге каршы акция өтүүдө

Azattyk.org 

Венгриянын борбору Будапештте миңдеген адамдар премьер-министрликке кайра шайланган Виктор Орбандын саясатына каршы митингге чыгышты. Мындай митинг өткөн ишембиде да өткөн болчу. Уюштуруучулардын айтымында, нааразылык акциясына борбордо 30 миң, өлкө аймактарында 100 миңге чукул адам чыкты. Венгриядагы башкаруучу "Фидес" партиясы 8-апрелдеги парламенттик шайлоодо жеңип, Виктор Орбан премьер-министрлик кызматта калган. Ал ушуну менен төртүнчү жолу министрлер кабинетин жетектөөдө. Сынчылар Орбанды антиевропалык союз түзүүдө... Читать дальше...

Ереванда полиция оппозиция лидерин кармап кетти

Azattyk.org 

Ереванда премьер-министр Серж Саргсянга каршы жүрүш учурунда оппозиция лидери, улуттук жыйындын депутаты Никол Пашинянды полиция кармап кетти. “Азаттыктын” армян кызматынын маалымдашынча, демонстранттар Еревандын административдик Эребуни аймагына жеткенде полиция алардын жолун тороп, кулак тундуруучу курал колдонуп, аларды таркатууга аракет кылды. Натыйжада полиция Пашинянды жана дагы бир оппозициялык депутат Сасун Микаелянды кармады. Полиция менен кагылышуу учурунда бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Читать дальше...

Кабулда жанкечтинин чабуулунан 12 киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Кабулда жанкечтинин кол салуусунан кеминде 12 киши мүрт кетип, 57 адам жарадар болду. Коомдук саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахид Мажрох 22-апрелде болгон жарылуунун курмандыктарынын саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтты. Жанкечти каттоо борборунда паспорт алууга кезекте турган адамдарды бутага алган. Окуя шииттер көп жашаган Кабулдун батыш районунда болду. Октябрда өтчү шайлоого карата 14-апрелде Ооганстанда добуш берүүчүлөрдү каттоо башталган эле. Элдин көбү дал ушул каттоого катышып жаткан. Читать дальше...

Москвада катуу шамал эки кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

Москвада жана Подмосковьеде катуу шамалдын айынан эки киши каза тапты. Бул тууралуу Москванын Саламаттык сактоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз таштанды челектин алдында калып, дагы бир кишини курулуш материалы басып калган. Жалпысынан катуу шамалдан 17 киши жабыркап, 14ү ооруканага жаткырылган. Алардын үчөө өспүрүм, арасында үч айлык ымыркай да бар. Синоптиктердин маалыматы боюнча шамал дагы күчөшү мүмкүн. Москванын бийлиги аба ырайынын чукул өзгөрүшүнөн улам айрым аба каттамдары токтотулганын кабарлады.


Музыкальные новости
Концерт

Концерт Ансамбля песни и пляски Северо-Кавказского округа войск Национальной гвардии России, посвященный Дню Победы, прошел в КЧР





Rss.plus
#123ru.net

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!




В Москве спасатели вытащили из ливневой канализации семерых утят

Чешская полиция объявила в розыск "генерала российской военной разведки"

Установки «Ярс» вернулись на место постоянной дислокации после парада Победы

В Московском зоопарке кота спасли из вольера с волками




ЮНИСЕФ: үч облустагы ооруканаларга жардам берилет

Azattyk.org 

“Эненин жана баланын ден соолугун коргоо системасын бекемдөө” аттуу жаңы долбоордун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 23 ооруканага ымыркайларды багуучу медициналык техникалар берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аталган долбоор Бириккен улуттар уюмунун Балдарды коргоо фондунун (ЮНИСЕФ), жапон өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашууда. 2021-жылдын март айынын соңуна чейин 500 дарыгер, медайымдар жана саламаттык сактоо тармагында иш алып барган 23 уюмдун жетекчилери ымыркайларды жана балдарды дарылоонун... Читать дальше...

Саргсян оппозиция лидери менен сүйлөшүү бүтө электе чыгып кетти

Azattyk.org 

Армениянын премьер-министри Серж Саргсян анын отставкасын талап кылган оппозициянын лидери Никол Пашинян менен сүйлөшүү бүтө электе чыгып кетти. “Азаттыктын” армян кызматы кабарлагандай, жолугушуу “Марриот Армения” мейманканасында өтүп жаткан. Пашинян өкмөт башчы кызматтан кетиши керектигин айта баштаганда Саргсян сүйлөшүүнү андан ары улантуудан баш тартты. Оппозия лидери менен сүйлөшүү демилгесин Серж Саргсян өзү көтөргөн. Жолугушууда ал Пашиняндын фракциясы 7-8% добуш алганын, андыктан жалпы элдин атынан сүйлөөгө акысы жок экенин билдирди. Читать дальше...

Инсульт чылымкор эркектерди "жакшы көрөт"

Azattyk.org 

Алмаздын өзөгүндө сакталган муз. Түштүк-Чыгыш Азияда жашаган бажо элинин көк боору эмне үчүн чоң экени аныкталды. Океанды толкуткан кенедей макулук. Чылым чеккен эркектерди инсульт тооруп турат.

Кыргыз-казак өкмөт башчылары телефондон сүйлөштү

Azattyk.org 

21-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министр болушу менен куттуктап, мындан кийинки кызматташтык тууралуу сөз кылган. Бакытжан Сагинтаев 2016-жылдан бери Казакстандын өкмөтүн жетектеп келет. Бул аралыкта Кыргызстанда үч ирет өкмөт алмашты. Мухаммедкалый Абылгазиев 20-апрелде эгемендик жылдардагы 30-өкмөт башчы катары ишке киришти. Читать дальше...



Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на пост председателя правительства РФ



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Тимати

Мама Тимати не справляется с внучкой: «Сказать, что мне трудно — ничего не сказать»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Фитнес прокачивает онлайн // Благодаря чему растет спрос на видеотренировки

Танцоры из Асбеста выступят в Москве

Развод на договорных матчах: схемы, риски и пути предотвращения


WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Архангельск

Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России