Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 09.04.2018

Анкара: кыргыз президентин тосуп алуу салтанаты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту. Жолугушуунун расмий аземинде Кыргызстандын мамлекет башчысынын кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду. Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркияга расмий сапар барды. Бул - анын президент катары Түркияга алгачкы сапары. Читать дальше...



Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны сентябрда Бишкекте өтөт

Azattyk.org 

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны быйыл сентябрь айында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн Анкарадагы жолугушуудан кийин билдиришти. Ошондой эле жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлду. Алар: - Инвестиция жаатындагы меморандум; - Айыл чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуу; - Дене тарбия, спорт жаатындагы макулдашуу; - Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо макулдашуусу; ... Читать дальше...

Эрдоган Жээнбеков менен жолугушууда “гүленчилер” темасын козгоду

Azattyk.org 

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарындагы жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады. Эрдоган жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” деп билдирди. Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды... Читать дальше...

Анкарада Кыргызстан менен Түркиянын президенттери жолугушту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту. Жолугушуунун расмий аземинде Кыргызстандын мамлекет башчысынын кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду.  Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин алгач бетме-бет жолугушуусу болот. Андан соң кеңири курамдагы... Читать дальше...

Гераттагы жардыруудан алты жай тургун мерт кетти

Azattyk.org 

Ооганстандын Герат провинциясында базардан алыс эмес жайгашкан мечиттин жанында болгон жардыруудан кеминде алты карапайым тургун мерт кетти. Провинциянын губернаторунун маалымат катчысы Жилани Фархаддын айтымында, курман болгондордун төртөө балдар. Фархад ошондой эле Шинданд шаарында болгон дагы бир жардыруудан тогуз бала жарадар болгонун кошумчалады. Кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Шаар Шинданд авиа базасынан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал ооган аба күчтөрү жана аларды... Читать дальше...

Орусиялык 50 ишкер бир күндө 12 млрд доллар жоготту

Azattyk.org 

АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоодо орусиялык элүү киши бир күндө 12 млрд долларын жоготту. Бул тууралуу “Форбс” журналы жазды. Вашингтондун «кара тизмесине» түшкөн ишкер Олег Дерипаска 24 саатта эле бир млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды. Ишкерлерге тиешелүү акциялардын баасы бир топ арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельберг миллиард доллардай байлыгын жоготту. Читать дальше...



Москва: Вашингтондун жаңы санкциялары "мыйзамсыз"

Azattyk.org 

Кремл Вашингтон өткөн апта этегинде киргизген санкцияларды “келишкис” жана "мыйзамсыз" деп, Орусия Кошмо Штаттарга татыктуу жооп берерин билдирди. 9-апрелде орус өкмөтүнүн жогорку жетекчилери санкциялардан ишканалар кандай жабыр тартаарын баалап, аларга мамлекеттик көмөк көрсөтүүгө убада берди.   Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаңы санкциялар “кабыл алгыс, мыйзамсыз жана алар эл аралык укуктун чегинен чыгып кеткен” деп баалаган. Санкциялардын жаңы айлампасы жарыяланган соң рублдин курсу ылдыйлап... Читать дальше...

Медик студенттер окуу мөөнөтүнө нааразы

Azattyk.org 

Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери менен алардын ата-энелери президентке, Жогорку Кеңеш төрагасына, премьер-министрге жана башкы прокурорго окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылык билдирген кайрылуу жолдошту. Ага өкмөттүн ординатурада окуу мөөнөтүн беш жылга узарткан токтому негиз берди.

Екатеринбург: мигранттар соттолду

Azattyk.org 

Сирияда өкмөттүк аскерий базага жасалган аба соккудан бир нече адам мерт болгону айтылууда. Венгриядагы парламенттик шайлоодо азыркы өкмөт башчы Виктор Орбандын партиясы жеңишке жетти. Екатеринбургда террорчулукка айыпталган өзбекстандык жана кыргызстандык жарандар 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Президент Жээнбеков Түркияда

Azattyk.org 

Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Данисте: маасы ултарган устанын сыры

Azattyk.org 

“Данисте” телетоптомунун бул жолку чыгарлышында он жашынан ата кесибин улантып, маасы ултарып келе жаткан устанын сыры, Орусияда кырсыктан майып болуп калган жалгыз бой эне, кыргыз, өзбек, тажик, перс акындарынын ырларын жатка билген Рахмат карыя, көп өнөрлүү тубаса майып, паралимпида оюндарына катышууну эңсеген Марс Жусукеев тууралуу айтып беребиз.

Азербайжан: оппозиция бойкот жарыялаган шайлоо

Azattyk.org 

11-апрелде Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өткөнү турат. Ага азыркы президент Илхам Алиевден тышкары жети талапкер катышууда. Оппозиция бул шайлоого байкот жарыялап, ал адилеттүү өтөрүнө ишенбестигин билдирген.

Сириянын аба базасына сокку урулду

Azattyk.org 

Сириядагы өкмөттүк аскердик базага абадан урулган соккулар үчүн Дамаск менен Москва Израилди айыптады. Сириянын мамлекеттик медиасынын жаңылыктарына караганда, андан бир нече адам мерт болду же жаракат алды. Ага чейин Сириянын президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына "химиялык чабуул коюлду" деген маалыматтар чыгып, Дамасктагы бийлик кайрадан эл аралык коомчулуктун сын пикирлерине кабылган болчу. Бул окуяга байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат.

Туристтин тилин тапкан студент

Azattyk.org 

Айдай Добулбекова бир жарым жылдан бери Стамбул шаарында окуп жатат. Ал кыргызстандык достору менен бирге Стамбул шаарын көрөм деп келген туристтерди коштоп кыдыртып, кошумча киреше табат. Айдайга шаардын тарыхый аймактары, музейлери, деңиз жөнүндө билгиси келген туристтерге көрсөткөн котормочулук кызматы да абдан жагат экен.

Гүлчехра Оморованын апасы кызынын судьялыктан алынганын айыптады

Azattyk.org 

Гүлчехра Оморова Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулганы боюнча анын апасы Максуда Оморова пикир билдирип, муну Эмгек кодексин бузуу катары баалады. Ал 7-апрелде "Фейсбукка" көлөмдүү пост жазып, кызы "Ак үйдүн, Башкы прокуратуранын буйруктарын аткарбаганы үчүн" кызматтан кетиришкенин билдирди. Өзү да 20 жыл Бишкекте сот тармагында иштегенин, шаардык соттун төрагасынын орун басары да болгонун белгилеп, бийликтегилер сотторго көрсөтмө берээрин жазды. Максуда Оморованын билдирүүсү... Читать дальше...


Музыкальные новости
Наташа Королёва

«Она не ожидала»: стала известна реакция Королевой на инцидент в Кремле 9 мая





Rss.plus
Сергей Собянин

Сергей Собянин. Главное за день




Неправильный Рязанов, плохая Пугачева. Худшие фильмы советского кино

Священники объяснили, почему совместная жизнь без брака является греховной

В России намерены провести шашлычную амнистию

Северное сияние увидели жители многих регионов России




Шыкмаматов: “Ата Мекен” президенттин саясатын колдойт

Azattyk.org 

2х1 форматындагы эксклюзив маектин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алманбет Шыкмаматов. Саясатчы Жогорку Кеңештеги саясий жүрүштөргө, “Ата Мекен” партиясынын жана анын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына, өкмөттү, башкы прокурорду алмаштырууга, “Ата Мекен” фракциясынын ичиндеги интригаларга, өзүнө таандык соттук териштирүүлөргө, байлыгына байланышкан “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартууну талкуулоого даяр

Azattyk.org 

Пхеньян алгачкы жолу Вашингтонго расмий түрдө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жолдорун талкуулоону сунуш кылды. Бул тууралуу АКШ администрациясынын атын айтпаган өкүлүнө таянып "Рейтер" агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жашыруун сүйлөшүүлөрдө Пхеньян жолугушууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген. Буга чейин Түндүк Кореянын мындай ниети тууралуу Вашингтон Сеул аркылуу гана кабардар болуп турган. Сүйлөшүүлөр Улуттар Уюмунун жана атайын кызматтардын ортомчулугу менен жүрүп жатканы айтылууда. Читать дальше...

Президент Жээнбековду Түркиянын вице-премьер-министри тосуп алды

Azattyk.org 

Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.  Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.  9-10-апрель күнгө пландалган сапарынын алкагында Жээнбеков түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп... Читать дальше...

ФИДЕ Илюмжиновдон кызматтан токтоосуз кетүүнү талап кылды

Azattyk.org 

Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) уюмдун президенти Кирсан Илюмжиновдун тезинен кызматтан кетишин талап кылды. Кайрылуу федерациянын сайтына жарыяланды. ФИДЕ мындай чечимин АКШ Илюмжиновго каршы киргизген санкциялардын айынан уюм финансылык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен түшүндүрөт. Ошондой бул санкциялар “эл аралык федерациянын аброюна терс таасирин тийгизип, аны менен шайхмат сүйүүчүлөрдүн ишенимин жоготуп” жатканы менен  байланыштырылат. Илюмжиновдун ФИДЕнин башчылыгынан кетиши тууралуу... Читать дальше...

Экс-губернатор Түлеев Кемеровонун парламентин жетектейт

Azattyk.org 

Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев соода борборундагы өрттөн кийин “моралдык жоопкерчилиги” үчүн кызматын тапшырган соң эми аймактык парламенттин төрагасы болуп шайланары айтылууда.    Кузбастын аймактык кеңешинин төрагасы Алексей Синицын дүйшөмбүдө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, ал орунга Түлеев ылайыктуу экенин айтты. Жаңы төраганы шайлоо 10-апрелде өтөөрүн басма сөз кызматы кабарлады. 3-апрелде Түлеев Кемерово облустук кеңешине депутат болуп дайындалып, мандат алган. 73 жаштагы... Читать дальше...

Бомба жөнүндө жалган кабар берген адамга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Бишкектеги "Ататүрк" паркына "бомба" коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам кармалып, кылмыш иши козголду. Анын жоругу Кылмыш-жаза кодексинин 228- беренесине ("Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү") ылайык иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.  8-апрелде кечке жуук Бишкек шаардык милициясына белгисиз адам телефон чалып, "Ататүрк" паркына бомба коюлганын билдирген. Атайын кызмат менен шаардык ички иштер башкармалыгынын адистери паркты курчоого алып... Читать дальше...



Москва

Как надо ПРОДАВАТЬ СЦЕНАРИЙ, ПЬЕСУ, СИНОПСИС.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Nirvana

Умер продюсер альбомов Nirvana, Pixies и PJ Harvey Стив Альбини




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

Суперкамбэк определил нового лидера чемпионата Алипа


Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Озоновые Дыры: Вызов современности, Взгляд Романа Терещенко



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России