Оторбаев: психикалык жактан жабыркаган 6 миң бала катталган
Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган алты миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу" аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо үчүн уюштурулган жыйында билдирди.
Оторбаевдин айтымында психикалык жактан жабыркаган балдардын саны өсүүдө жана реалдуу сан мындан да жогору болушу мүмкүн. Анткени айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбейт.
Акыйкатчынын баяндамасында ошондой эле психиатриялык ооруканаларда бир катар укук бузуулар болуп жатканы айтылды.
Бишкек шаарындагы “Дамас” отелинде өтүп жаткан тегерек стол "Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу" жана "Эмгек мигранттарынын укуктары" деген темаларга арналган. Тегерек стол Республикалык балдар психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан балдардын укуктарына мамлекеттик органдардын, коомчулуктун көңүлүн бурдуртуу, ошондой эле тышкы эмгек миграциядагы актуалдуу көйгөйлөрдү жана анын чечилиш жолдорун талкуулоо максатын көздөйт. (TSh\ErN)