Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугу текшерилет
![Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугу текшерилет](https://gdb.rferl.org/9A1DA7F2-080B-44A8-B12D-1FADD8A9B965_w800_h450.jpg)
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелери канчалык деңгээлде сакталганын аныктоо боюнча биргелешкен буйрук чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, буйруктун негизинде облустук, район-шаардык билим берүү башкармалыктарына, бардык жогорку жана орто окуу жайлары, мектеп, интернат, бала бакчалардын жетекчилерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча талаптардын аткарылып жатканын карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Буйруктун аткарылышы тууралуу алар квартал сайын Билим берүү жана илим министрлигине отчет жөнөтүүгө милдеттендирилди. Окуучулар, студенттер жана балдардын өмүрү, саламаттыгы үчүн билим берүү мекемелеринин биринчи жетекчилери жооптуу экени айтылды.
5-апрелде Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы бала бакчада өрт чыгып, анын чатыры күйүп кетти.