Бельгия беш чечен кумсага гуманитардык виза берди
Бельгия Чеченстанда куугунтукка кабылган беш кумсага гуманитардык виза бергени маалым болду. Бул тууралуу Бельгия өкмөтүнүн баш калка жана миграция боюнча катчысы Тео Франккен 6-апрелде айтты. Ал беш киши Москвадагы Бельгиянын элчилигинен визаларды алганын, эми алар Брюсселге барып, ал жакта калса болоорун билдирди.
Франккен келечекте чеченстандык ЛГБТ коомчулугунун башка өкүлдөрү да гуманитардык виза алышы ыктымалдыгын кошумчалады.
3-апрелде ЛГБТ мүчөлөрүнүн укугун коргогон орусиялык топ бир жыл ичинде Чеченстанда сексуалдык багыты үчүн куугунтукка кабылган 114 кумсаны жумурият аймагынан алып чыкканын кабарлаган.
Алгач Чеченстандагы кумсалардын куугунтукка кабылганы бир жыл мурда "Новая газета" басылмасында жарык көргөн. Анда кумсалар же ошондой деп шектелген жүздөн ашуун адам кармалып, кеминде үч киши каза тапканын жазган.
“Азаттык” радиосунун орус кызматына атын жашырган булак кумсаларга карата кысым болуп жатканын ырастаган.
Чечен лидери Рамзан Кадыров мындай маалыматтарды четке кагып “аймакта куугунтуктай турган кумсалар жок” деп жооп берген.